Бишкекте ысык сууну 1-июнда өчүрүү пландалып жатат

© Фото / Pixabay / PublicDomainPicturesДуш. Архив
Душ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык сууну өчүрүү жыл сайын кыш мезгилинде сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында түтүктөрдү оңдоо үчүн ишке ашырылат.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек шаарында ысык сууну 1-июнь күнү өчүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине шаар мэринин орун басары Мирлан Амантуров тастыктады.

“Адатта келерки кышка даярдануу максатында ысык сууну май айынын ортосунда өчүрчүбүз. Быйыл чек ара жабык болгондуктан, түтүктөрдү ремонттоого керек болгон тетиктерди убагында ала албай калдык. Бирок 1-июнга чейин керектүү жабдуулардын бардыгын чогултуп алып, өчүрөлү деп жатабыз”, — деди Амантуров.

Бирок мындай буйрукка мэр Азиз Суракматов кол коё электигин айтты.

Ысык сууну өчүрүү жыл сайын кыш мезгилинде сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында түтүктөрдү оңдоо үчүн ишке ашырылат.

Адатта ысык суу Бишкекте 10-майдан 10-июнга чейин өчүрүлчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0