Бишкекке дагы төрт мамлекеттен мекендештер алып келинди

© Sputnik / Андрей Станавов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөктөш мамлекеттер менен сүйлөшүү жолу аркылуу мекендештерди Кыргызстанга кайтаруу иштери уланары белгиленди.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бүгүн Бишкекке Украина, Австрия, Венгрия, Чехия жана Словакия мамлекеттеринен 29 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандар украиналык авиакомпаниянын коммерциялык чартердик рейси менен Киев – Будапешт – Тараз каттамы боюнча Тараз шаарындагы (Казакстан) аэропортко конгон. Ал жактан Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда атайын транспорт менен Бишкекке жөнөшкөн.

Кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу иштери мындан ары дагы улантылары белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0