Үй карантинин бузган тогуз киши кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Жазылуу
Кыргызстан боюнча үй карантинине жалпы 83 638 киши алынса, алардын 55 046сы "бошотулду". 28 592 киши дагы деле обочолонуп жашап жатат.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Өлкө аймагында үй карантинин бузгандыгы үчүн 45 киши жоопко тартылды. Алардын ичинен тогузу кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстан боюнча үй карантинине жалпы 83 638 киши алынса, алардын 55 046сы "бошотулду". 28 592 киши дагы деле обочолонуп жашоодо.

"Бирок айрым адамдар эрежени бузуп, өзүнүн жана башкалардын өмүрүнө коркунуч жараткандан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19 менен күрөшүүнүн натыйжалуулугуна доо кетирип жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Карантин башталган учурдан бери КР Жоруктар кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") боюнча сегиз жаран, 281-беренеси менен ("Адамга коркунуч алып келе турган жагдай тууралуу маалыматты жашырып коюу") бир киши жоопкерчиликке тартылды.

Коронавируска анализ жасоо үчүн алынган үлгү - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 Бишкектен көп чыгууда. Аймактар боюнча жалпы статистика
Калгандары Эреже бузуулар кодексинин ар кандай беренелери менен айыпталып, айып пулга жыгылды.

Азыркы тапта COVID-19 жуктурган адамдар менен байланышта болгондордун саны 3 545ти түзөт. Обсервация жайларында 908 киши жатат. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралынан ушул кезге чейин 57 109 анализге изилдөө жүргүзүлдү.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0