Дезинфекциялоо бригадасынын кызматкерлери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанда COVID-19дун токточудай түрү жок. Абал боюнча акыркы маалыматтар

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын соңуна чыгарына аз калды. Бирок ооругандардын саны улам көбөйүүдө.

Ошентип, COVID-19 жуктуруп алган фактылардын азырынча токточудай түрү жок. Соңку суткада 35 адамдын ооруп калганы айтылды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Өкүнүчтүүсү, элди дарылайбыз деген дарыгерлер, медицина жайларынын кызматкерлери да коронавируска чалдыгып, каза болууда.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
17:53 05.05.2020

Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган адамдардын баары айыгып чыкты. Бул тууралуу облустук штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы бейтап бүгүн, 5-майда, Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканадан чыгарылган.

Ысык-Көл облусу боюнча 10 тургун COVID-19 илдетине чалдыккан. Бүгүнкү күндө алардын баары сакайып, үй карантинине жиберилди.

 

 

16:59 05.05.2020

Республикалык ыкчам штаб Бишкек шаарында карантиндик режимди сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүүгө тапшырма берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

 

Ситуация в Бишкеке в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Боронов милицияны сындап, Бишкекте көзөмөлдү күчөтүүгө тапшырма берди
15:44 05.05.2020
15:11 05.05.2020
15:08 05.05.2020

Оренбург облусунда Казакстандын чек арасынан өтө албай турган кыргызстандыктар бүгүн, 5-майда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.00дө (11.00 бшк) жолго чыгышты. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдында түзүлгөн штаб билдирди.

 

15:05 05.05.2020

Бүгүн 2020-жылдын 5-майында Балыкчы шаарынан COVID-19 илдети менен ооруган акыркы бейтап айыгып чыкты.
Бул маалымат облустук ыкчам штабынын отурумунда айтылды.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусу боюнча коронавирус менен ооругандардын 10 учуру катталган. Алардын баары айыгып үй карантинине жиберилген.

14:19 05.05.2020

Тесттин коронавирусту көрсөтпөгөнү киши вирус жукутуруп албаганына кепилдик бербейт. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 Үсөнбаевдин айтымында, вирустун инкубациялык мөөнөтү 14 күндөн дагы көбүрөөк болушу мүмкүн. Ошондой эле анын бир нече этабы бар жана айрым учурда тест вирусту так көрсөтпөй коюшу ыктымал.

"Лаборатория 96-97 пайыз туура жыйынтык берет деп айтылып келет. Ошондой эле вирус өтө кооптуу. Эмеректе, кийим-кечеде болсо деле жуга берет", — деди орун басар министр.


 

13:55 05.05.2020
13:51 05.05.2020

Ош облусунун Араван районуна жер-жемиш сатып алганы Россиядан келген жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тыкыр текшерилип жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда райондун акими Курманбек Айтибаев билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта Араван районунда жер-жемиштер бышып, дыйкандар түшүмүн өлкө аймагына таратып, сыртка дагы экспорттоп жатат.

"Райондо сырткы посттор калтырылып, ичкилери алынган. Учурда тиешелүү органдар ал аркылуу кирип-чыккан, Россиядан жер-жемиш сатып алуу үчүн келген айдоочуларды, техниканы тыкыр текшерип жатат", — деди аким.


 

11:37 05.05.2020

Акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жугузгандар суткасына 30 жана андан ашык санда табылып жатат, бүгүн 13 учур чыкты. Мындай тенденция бир нече күнгө уланат деп боолголоп жатабыз. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында айтты.

 

Работа сотрудников Кубань-СПАС - Sputnik Кыргызстан
COVID-19дун бир нече күн катары менен топ-топ болуп чыга турганы айтылды
10:40 05.05.2020
10:33 05.05.2020

"Эл аралык каттамдарды аткарган айдоочулар да кооптуулуктун бир  түрү. Бизде респубилика боюнча 30 миңдей айдоочу өтөт. Алар жолдо жүрөт, чет мамлекеттерде болушат. Булр боюнча да алгоритм түзүлгөн. Тез арада текшере калчу тесттик система иштейт", - деди Үсөнбаев. 

10:33 05.05.2020
10:32 05.05.2020
10:30 05.05.2020
10:22 05.05.2020
10:20 05.05.2020

 Бишкек ш. – 8
Нарын облусу - 5

 

10:06 05.05.2020
10:06 05.05.2020
10:06 05.05.2020
10:02 05.05.2020
10:01 05.05.2020
10:01 05.05.2020
10:01 05.05.2020
10:01 05.05.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0