Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуктурган 13 киши аныкталды

© Sputnik / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкери коронавируска тест кармап турат. Архив
Медицина кызматкери коронавируска тест кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагында дагы 13 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алды. Ушуну менен ооруга кабылгандардын жалпы саны 843кө жетти.

БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Кыргызстандын аймагында бүгүн, 5-майга карата, дагы 13 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бейтаптар жашаган аймактар:

  • Бишкек шаарында – 8;
  • Нарын облусунда – 5.

Ушуну менен Кыргызстанда ооруга кабылгандардын жалпы саны 843кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0