Кыргызстандагы чет элдиктер үчүн "жашыл коридордун" мөөнөтү узартылды

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүЭл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр. Архив
Эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймагында жүргөн чет элдик жарандар 1-июнга чейин КРден визасыз эле чыгып кете алышат. Себеби "жашыл коридордун" мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынды.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик жарандар жана жарандыгы жоктор 2020-жылдын 1-июнуна чейин өлкөдөн чыгып кете алышат. Бул убакыт аралыгында алардан каттоосу жана визасы талап кылынбайт.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын кээ бир аймактарында өзгөчө абал режиминин узарышына байланыштуу чет элдиктер үчүн "жашыл коридордун" мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынган.

Мындай жеңилдик боюнча сунуш ТИМ тарабынан демилгеленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0