Араванга жер-жемиш алганы келген россиялык фуралар тыкыр текшерилип жатат

© Фото / © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевЧек арада турган фуралар. Архив
Чек арада турган фуралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта Араван районунда жер-жемиштер бышып, дыйкандар түшүмүн өлкө аймагына таратып, сыртка дагы экспорттоп жатышат.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Ош облусунун Араван районуна жер-жемиш сатып алганы Россиядан келген жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тыкыр текшерилип жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда райондун акими Курманбек Айтибаев билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта Араван районунда жер-жемиштер бышып, дыйкандар түшүмүн өлкө аймагына таратып, сыртка дагы экспорттоп жатат.

"Райондо сырткы посттор калтырылып, ичкилери алынган. Учурда тиешелүү органдар ал аркылуу кирип-чыккан, Россиядан жер-жемиш сатып алуу үчүн келген айдоочуларды, техниканы тыкыр текшерип жатат", — деди аким.

Белгилей кетсек, 5-майга карата Ош облусу боюнча коронавирус жуктургандардын саны 113кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0