Ысык-Көл кирип-чыгууну чектегени блокпост. Архив

Ысык-Көл: облбийлик кирип-чыгууну чектегени боюнча комментарий берди

276
(жаңыланган 15:35 05.05.2020)
Мындай чектөөлөр Облустук штабдын мүчөлүгүндөгү медиктердин сунушунун негизинде киргизилгени айтылат.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы сырттан келгендерди облуска коронавируска тест тапшырганы боюнча маалымкаттын негизинде киргизүү талабы боюнча комментарий берди.

Буга чейин Облустук ыкчам штаб 4-майдан тарта бул аймакка кирип-чыгууга тыюу салуу боюнча чечим кабыл алган.

"Тургундар өтө зарыл жумушу боюнча гана облустан чыга алышат. Мисалы, дарыгерге кайрылууга, тез арада операция жасатууга, жумушка же жакындары каза болсо жерге берүү үчүн бараткандарга уруксат берилет. Облуска кайра кайтып жатканда экспресс-тесттин же ПЦР анализинин жыйынтыгын көрсөтүшөт. Ошондой эле 14 күндүк үй карантининде болушат. Бул талаптарга макул болгондорго гана чыгууга уруксат берилет", — дешти өклчүлүктөн.

Ошондой эле облус бийлиги тургундардан коронавирустун жайылышына байланыштуу сапарга чыкпай турууну өтүнөт.

"Анализдердин төлөмдөрү боюнча биз ар бир жаранга тандоо укугун беребиз. Кааласа акы төлөгөн жактан, кааласа бекер текшерүүдөн өтө алышат. Мындай чектөөлөр Облустук штабдын мүчөлүгүндөгү медиктердин сунушунун негизинде киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 843кө жетип, анын ичинен 600ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 11 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

276
Белгилер:
чыгуу, кирүү, маалымат, чектөө, Ысык-Көл
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1438)
Тема боюнча
Министрлик: анализдин таза чыгышы коронавирустун жоктугуна кепилдик бербейт
Жалал-Абаддын Чаткал районуна кирип-чыгууга тыюу салынды
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

97
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

97
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди
Казань вокзалын дезинфекциялоо. Архивдик сүрөт

Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

94
(жаңыланган 22:43 28.05.2020)
Шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны  мындан ары да өсөрүн болжоду. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр улана турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы.

"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", — деп билдирди ал "Россия-24" телеканалына.

Мэрдин айтымына караганда, борбордо коронавируска байланышкан абал "анчалык жакшы эмес", ошондуктан шашуунун кереги жок. Мындан тышкары, май айында COVID-19дан каза болгондордун саны мындан да өсөрү болжолдонду.

"Май айында каза тапкандардын саны дагы да өсөт. Адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо өтө маанилүү. Анткени бул адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады мэр.

Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон. Бейтаптардын 150 миңден ашыгы сакайып чыкты. Москвада 173 497 COVID-19 инфекциясын жуктурган учур катталган.

Жакында эле Собянин өзүн-өзү изоляцияга алуу режими жана борбор шаардагы өткөрмө кагазы 14-июнга чейин узартыларын билдирген.

94
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Сергей Собянин, Москва, мэр
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Бишкек мэриясы: "Автомаш-радиатор" заводунда сегиз кишиден COVID табылды