Жалал-Абадда санитардык талаптарды аткарбаган 10 ишкана кайра жабылды

© Фото / Зульфия ТургуноваСанитардык талаптарды аткарбаган ишканалар жабылды. Архив
Санитардык талаптарды аткарбаган ишканалар жабылды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-майдан тарта шаар аймагындагы 80дей ишканага жумушун улантууга уруксат берилген. Бирок рейд учурунда алардын айрымдары коюлган талаптарды аткарбаганы аныкталган.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Жалал-Абадда 1-майдан тарта ишин жанданткан ишканаларга рейд жүргүзүлүп, натыйжада санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган 10 ишкана кайра жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Соблюдение санитарно-карантинных требований в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ошто санитардык талапты аткарбай кайра жабылган ишканалардын саны 80ге жетти
Маалыматка караганда, 5-май күнү калаа мэри Мураталы Тагаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тийиштүү адистер менен биргеликте топ-топко бөлүнүп, ишкердик субъектилерди кыдырышкан. Натыйжада унаа тетиктерин саткан дүкөндөрдө, айрым сулуулук салондорунда милдеттүү болгон санитардык нормалар эске алынбаганы такталган. Буга байланыштуу алар кайрадан жабылды.

Эске салсак, 1-майдан тарта шаардагы 80дей мекеме, ишканага жумушун улантууга уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0