БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 28 адамдын ичинен төртөө Тажикстандан келген студенттер. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны 871ге жетти.
"Жаңы аныкталган 28 учурдун бешөө сырттан келгендер. Анын бири Дубайдан кайткан киши. Төртөө Тажикстандын Хожент жана Душанбе шаарларында окуган студенттер. Булардын бардыгынан коронавирус обсервациядагы текшерүү учурунда табылды", — деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда коронавирус 871 адамдан табылса, анын ичинен 614ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 киши көз жумду.