Бишкекте коронавирустун экинчи толкуну жүрүшү мүмкүн

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАскер блокпостто турган учурда. Архив
Аскер блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен республика боюнча 614 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми жалпы саны 871ге жетти.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкекте бир-эки жуманын ичинде коронавирустун экинчи толкуну жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, эгер жагдай ушундай нукта боло турган болсо, адамдардын жана транспорттук кыймылга кайрадан чектөө коюлат.

“Эгер шаардыктар эржелерди сактабаса, бир-эки жуманын ичинде вирустун экинчи толкунуна кабылышыбыз мүмкүн. Анда кайрадан кыймылды чектөөгө туура келет. Мен дагы бир ирет баарыңарды коопсуздук эрежелерин, обочолонуу принциптерин, аралыкты сактоого чакырам”, — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен республика боюнча 614 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми жалпы саны 871ге жетти. Оорудан 12 киши көз жумганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0