Лейлекте жүргөн сел аймакты 55 млн. сомдон ашык чыгымга учуратты

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүСелден кийин аймактын абалы. Архив
Селден кийин аймактын абалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-майда Лейлекте кайрадан сел жүрүп, төрт айыл аймакта жана Исфана шаарында буга чейин тазаланып жаткан жол, сугат канал, арыктарды кайрадан кум шагылга толтуруп, айдоо жерлерди зыянга учураткан.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек району 2-майдагы селден 55 миллион 296 миң сом зыян тартты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

 Лейлек районундагы селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан
Лейлектеги селден кийин элге жарык, суу бериле баштады
Эске салсак, аталган аймакта 2-май күнү кечинде катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, турак жайларды, чарбалык курулуштарды жана унаа жолдорду суу каптаган.

Мындан улам жерине ӨКМ кызматкерлери тартылып, 3-май күнү унаа жолдорунда каттам калыбына келген. Исфана шаарына таза суу, бардык айылдарга электр энергиясы берилип, айрым аймактарда сугат суу бурулган.

"Бирок 5-майда Лейлекте кайрадан сел жүрүп, Маргун, Ак-Суу, Бешкент, Сумбула айыл аймактарында жана Исфана шаарында буга чейин тазаланып жаткан жол, сугат канал, арыктарды кайрадан кум шагылга толтуруп, айдоо жерлерди зыянга учураткан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кайрадан калыбына келтирүү иштери башталып, чыгымдар эсептелип жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0