Ош шаарына кайра кошумча блокпосттор коюлуп, көзөмөл күчөтүлдү

© Фото / Зульфия ТургуноваСотрудники патрульной милиции на блокпостах для усиления мер по предотвращению распространения коронавируса в Оше
Сотрудники патрульной милиции на блокпостах для усиления мер по предотвращению распространения коронавируса в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аширбаев 1-майдан тарта иштей баштаган 53 ишкана жана үч эт сатуучу жай санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 4-май күнү кайрадан убактылуу жабылганын кошумчалады.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ош шаарына жети жерге кайра кошумча блокпост коюлуп, тартип катуулады. Бул тууралуу Ош шаардык комендатуранын маалымат кызматынын башчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, кошумча блокпосттор шаардагы ар бир кварталдын кире бериш жерине орнотулду. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарына жети жерге кайра кошумча блокпост коюлуп, тартип катуулады
Ош шаарына кайра кошумча блокпосттор коюлуп, көзөмөл күчөтүлдү - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарына жети жерге кайра кошумча блокпост коюлуп, тартип катуулады
"Жашоочулар карантиндин тиешелүү санитардык эрежелерин сактабай жатат. Ошондуктан бүгүндөн тарта жарандарды коронавируска каршы күрөшүү үчүн бардык эрежелери кылдат сактоого чакырып, көзөмөл күчөтүлдү. Шаарда буга чейин сегиз карантиндик жана санитардык блокпост бар болчу", — деди Аширбаев.

Ал 1-майдан тарта иштей баштаган 53 ишкана жана үч эт сатуучу жай санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 4-май күнү кайрадан убактылуу жабылганын кошумчалады.

Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке кирүүгө уруксат берген кагаздардын мөөнөтү 11-майга чейин узартылат
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 871 адамдын 614ү айыкты. Вирус аныкталган 12 бейтап каза болгону маалымдалды.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0