Google, Amazon, Apple компанияларына кирүүдө үч этап бар. Кыргыз жигиттин маеги

© Фото / предоставлено Талгаром Марлис уулуAmazon компаниясында инженер-программист Талгар Марлис уулу
Amazon компаниясында инженер-программист Талгар Марлис уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талгар Марлис уулу окуучу кезинде математика боюнча Голландияда, Аргентинада өткөн эл аралык олимпиадаларда өлкө намысын коргогон. Түркиядагы Билкент университетинин компьютердик инженерия багытында билим алган. Азыр Amazon компаниясында инженер-программист болуп иштейт

Быйылкы окуу жылы да аяктап калды. Айрымдар кесип тандоо алдында турса, кээси карьера жасоого кадам таштаганы турат. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына берген маегинде 26 жаштагы Талгар өзүнүн жеке тажрыйбасы жана дүйнөлүк ири компанияларда иштөөнүн жол-жобосун айтып берди.

— Мектепте окуп жүргөндө бир катар эл аралык олимпиадаларга катышып, ийгилик жараткан экенсиз?

— Мектепти 4-класска чейин Кочкордогу Нинакан Жүндүбаева атындагы гимназияда окугам. Негизи башынан эле математика менен сүрөт тартууга абдан кызыкчумун. Муратбек Субакожоев атындагы лицейге өтүү үчүн 4-класстан баштап математикадан талыкпай даярдана баштагам. Себеби ал жакта күчтүү мугалимдер сабак берип, окутуу шарттары да мыкты болчу. Агам да ал лицейде алдыңкы окуучулардын бири болуп жүрдү. 2007-жылы максатым ишке ашып, 100 пайыз жеңилдик менен аталган лицейге өтүп кеттим. 10-классымда математика боюнча Голландияда өткөн эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан барып, команда жакшы көрсөткүчкө жетишкен. 2012-жылы жыйырмадан ашык мамлекет катышкан Алматыдагы Эл аралык Жаутыков олимпиадасынан күмүш медаль алдым, ошол эле жылы Аргентинада өткөн олимпиадага катышып, кыргызстандык 6 окуучу Ардак грамотага ээ болуп кайтканбыз. Ал жыл мага абдан жемиштүү болду, SAT (Scholastic Aptitude Test) жана ЖРТ (Жогорку республикалык тестирлөө) боюнча да даярданып жаттым, жыйынтык жаман болгон жок.

© Фото / предоставлено Талгаром Марлис уулуТалгар Марлис уулу: 2012-жылы жыйырмадан ашык мамлекет катышкан Алматыдагы Эл аралык Жаутыков олимпиадасынан күмүш медаль алдым, ошол эле жылы Аргентинада өткөн олимпиадага катышып, кыргызстандык 6 окуучу Ардак грамотага ээ болуп кайтканбыз.
Google, Amazon, Apple компанияларына кирүүдө үч этап бар. Кыргыз жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Талгар Марлис уулу: 2012-жылы жыйырмадан ашык мамлекет катышкан Алматыдагы Эл аралык Жаутыков олимпиадасынан күмүш медаль алдым, ошол эле жылы Аргентинада өткөн олимпиадага катышып, кыргызстандык 6 окуучу Ардак грамотага ээ болуп кайтканбыз.

— Кайсы окуу жайга тапшырдыңыз?

— Лицейди аяктагандан кийин SAT жана ЖРТ тесттеринен жогорку балл алгандыгым үчүн Түркиядагы Билкент университетинин компьютердик инженерия факультетине 100 пайыз жеңилдик менен окууга мүмкүнчүлүк алдым. Адистигим боюнча дипломго ээ болдум.

— Amazon компаниясына кирүү кыйын эле болсо керек?

— Билкент университетин аяктаган соң дароо эле Анкара шаарындагы ProMIS атындагы жеке компанияга инженер-программист болуп ишке кирдим. Долбоорлор менен иштеп, кесипкөй адистерден көп нерсе үйрөндүм. Ошол эле убакта Startup долбоорлору менен алектенип, көбүрөөк тажрыйба топтогонго аракеттенчүмүн. Ал жерде эки жылдай эмгектендим.

Өзүмдү өнүктүрүү максатында Facebook, Google, Amazon, Microsoft, Apple өңдүү дүйнөдөгү ири компаниялардын сынагынан өтө бердим. Мындай компаниялар баарлашууга чакыруу үчүн резюмеде көптөгөн долбоорлор жана тажрыйба болушу керек. Жүмасына үч же беш баарлашууга барган күндөрүм болгон.

Фестиваль Оймо - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнүн ири компанияларында иштеген кыргыздын 10 уул-кызы. Тизме
Ири IT-компанияларда инженер-программист болуу үчүн 7-8 интервьюдан өтүү керек. Алар үч этапка бөлүнөт.

Биринчиси, кадр бөлүмү менен бир саат аңгемелешүү болот. Мында өзүңдүн тажрыйбаларың жана иштеген компаниялардагы жасаган долбоорлоруң тууралуу суроолор болот. Андан сырткары, алгоритм жана маалымат структурасы тармагындагы билимиңди сынайт.

Экинчиси, ошол компанияда иштеген башкы инженерлердин бири техникалык тапшырма берет. Аны бир сааттын ичинде онлайн аткаруу зарыл.

Акыркы этабында компаниянын сизге жакын жайгашкан бир кеңсесинде төрт же беш саатка созулган интервью болот. Мында ар башка инженер менен бир сааттан отуруп, техникалык тапшырмасын аткарышың керек. Ар бир сыноодон соң кийинки этапка өткөн-өтпөгөнүң тууралуу маалымат берилип турат. Ушул үч этап биригип, бир айга жакын убакытты алат.

Бул бир эле жумуш ордуна болгон убакыт. Ушул мезгил аралыгында төрт-беш сынак тапшырып, ар башка компаниялардын интервьюларына кирчүмүн.

Акырында Amazon жана Microsoft компанияларынан иштөөгө сунуш түшүп, Amazon компаниясын тандадым.

© Фото / Айнура КаармановаТалгар Марлис уулу: Менин оюмча, канчалык таланттуу болсоң да, өзүңдү билим алып өнүктүрүүгө аракет кылбасаң талантыңдын пайдасы тийбейт. Көп адам дүйнөлүк ири компаниялар профессионалдарды гана жумушка алат деп ойлойт. Мен дагы ошондой ойдо элем, бирок андай эмес экен. Булар ар кандай тапшырмалар менен адамдардын ой жүгүртүүсүн текшерет.
Google, Amazon, Apple компанияларына кирүүдө үч этап бар. Кыргыз жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Талгар Марлис уулу: Менин оюмча, канчалык таланттуу болсоң да, өзүңдү билим алып өнүктүрүүгө аракет кылбасаң талантыңдын пайдасы тийбейт. Көп адам дүйнөлүк ири компаниялар профессионалдарды гана жумушка алат деп ойлойт. Мен дагы ошондой ойдо элем, бирок андай эмес экен. Булар ар кандай тапшырмалар менен адамдардын ой жүгүртүүсүн текшерет.

— Мындай компаниялар алгач эмнеге басым жасайт экен?

— Көп адамдар дүйнөлүк ири компаниялар профессионалдарды гана жумушка алат деп ойлойт. Мен дагы ошондой ойдо элем, бирок андай эмес экен. Булар ар кандай тапшырмалар менен адамдардын ой жүгүртүүсүн текшерет. Ошондой эле ал компанияга келүү менен тажрыйбасы аз болсо да, андан ары жумушту так өздөштүрүп кете алчу жөндөмүн карайт. Ошондуктан ири компанияларга аракеттенген ар бир адам жумушка кире алат деп ойлойм. Ага убакыт жана аракет зарыл.

Менин оюмча, канчалык таланттуу болсоң да, өзүңдү билим алып өнүктүрүүгө аракет кылбасаң талантыңдын пайдасы тийбейт. Лицейди бүтөр алдында адистик тандадым. Ал кезде улам акыркы үлгүдөгү жаңы телефондор чыгып, эл арасында интернет күч алып жаткан кез эле. Технология келечек экенин түшүнүп, компьютердик инженер болууну чечтим. Башында бул тармакта билим алуу оор көрүнгөн. Себеби эч кандай түшүнүгүм жок эле. Бирок өзүмө ишенип, программалоо, IT жана технологияга тиешелүү бардык сабактарга бүт дитимди буруп окудум. Болгон аракетимди билим алууга жумшадым. Кептин баары талантта деп айтуу натуура. Анткени аракет менен бардык нерсени үйрөнүп кетсе болот.

— Европада жашасам деп кыялданчу белеңиз?

— Жок. Өз мекенимде үй-бүлөм менен туугандарыма жакын жашагым келет. Бирок кичине кезимден эле көптөгөн өлкөлөрдү кыдырам деген кыялдарым бар эле. Ошол тилектерим орундалып жатат. Люксембургда тажрыйба алуу максатында убактылуу гана жашап жатам.

— Чыңгыз Айтматов бир кезде Кыргызстандын Люксембургдагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп ал жакта көп жыл жашады эле...

— Ооба, азыр Люксембургда Чыңгыз Айтматовдун атындагы борбордук көчө бар. Негизи Люксембург дүйнөнүн эң бай өлкөлөрүнүн бири, 600 миң калкы бар кичирээк мамлекет. Ал Франция, Германия, Голландия жана Бельгиянын ортосунда жайгашкандыгына байланыштуу аталган өлкөлөргө жарым саатта жетесиң. Калкынын жарымынан көбү мигранттар. Бардык тейлөө тармактарында иштеген адамдар үч тилде кенен сүйлөшөт. Бул жакта жашаган адамдардын билим деңгээли өтө эле жогору.

© Фото / предоставлено Талгаром Марлис уулуТалгар Марлис уулу: Үйлөнгөм, бир балам бар. Келинчегимдин кесиби педиатр. Ал мага жашоодо жакшы кеңешчи гана болбостон, жакшы дос да болуп келет. Үй-бүлөбүз менен толук чогулуу үчүн жылына бир жолу Бишкекке барып, Ысык-Көлгө эс алып келебиз.
Google, Amazon, Apple компанияларына кирүүдө үч этап бар. Кыргыз жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Талгар Марлис уулу: Үйлөнгөм, бир балам бар. Келинчегимдин кесиби педиатр. Ал мага жашоодо жакшы кеңешчи гана болбостон, жакшы дос да болуп келет. Үй-бүлөбүз менен толук чогулуу үчүн жылына бир жолу Бишкекке барып, Ысык-Көлгө эс алып келебиз.

— Дүйнөлүк ири компанияларда иштеген кыргыздар көп. Ал эми ушул жаатта карьера жасоону каалаган жаштар эмне кылуусу керек?

— Ийгиликке жетишем деген ар бир адам эң биринчиден алдына туура максат коюп, ага жетүүгө болгон аракетин жумшоосу зарыл. Азыр билим алуу оңой жана арзан. Каалаган ишти мыкты үйрөнүп кетсе болот. Интернет кенен жайылды. Ар кыл маалыматты изилдеп, аны туура колдонуу менен көп нерсеге жетишүүгө болот. Алгачкы кадам — тил үйрөнүү деп эсептейм. Кайда барсаң да коммуникация керек. Чет тилдерин билип, жакшы сүйлөй алганың — бир маселеден арылганың.

Республикалык жаштар конгрессинин жетекчиси жана тил борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кубанов: Орто Азиядагы биринчи IT HUB Бишкекте курулат
Университетте окуп жүргөндө каалаган китептеримди сатып алуу мага өтө кымбат эле. Ошондуктан аны интернеттен таап, китепканадан ресурстарды издеп окуганга аракеттенчүмүн. Бош убакытта программа жазууну үйрөндүм. Мыкты адистердин блогун окуп, дегеле дүйнөдөгү жаңы нерселерден кабардар болууга күнүнө бир сааттай убакыт бөлөм. Ошол бир саатта үйрөнгөнүң жыл ичиндеги университеттин бир семестрин бүтүргөнгө барабар. Бул чоң тажрыйба жана өзүңдүн келечегиңе кошкон салым.

— Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз...

— Балалыгымдын көп бөлүгү Нарын шаарында өткөн. Ал жакка Кочкордон көчүп барганбыз. Анда 10 жашта элем. Бирок жайкы эс алууну дайыма Кочкордогу чоң атамдардыкында өткөрчү элек.

Биздин үй-бүлө чоң. Таенем, апам, иним Бишкекте турушат. Таенем 80 жашка барып калса дагы Facebook, Instagram тармактарынын активдүү колдонуучусу. Ал эми апам биздин үй-бүлөнүн түркүгү, ар бирибиздин ийгилигибизде салымы ат көтөргүс. Төрт бир тууганбыз. Учурда кичүү иним Токмоктогу Жусуп Баласагын атындагы лицейде окуйт. Ал да бош убактысында компьютердик оюндарды иштеп чыгат.

Байкем келинчеги, кыздары менен Канадада жашайт. Агам иним экөөбүзгө жашоодо үлгү, жол көрсөтүүчү болду. Мен дайыма ага окшошкум келе берчү. Эжем болсо үй-бүлөсү менен Балыкчыда. Үйлөнгөм, бир балам бар. Келинчегимдин кесиби педиатр. Ал мага жашоодо жакшы кеңешчи гана болбостон, жакшы дос да болуп келет. Үй-бүлөбүз менен толук чогулуу үчүн жылына бир жолу Бишкекке барып, Ысык-Көлгө эс алып келебиз. Жайкы каникул жакшы өтөт. Бирок коштошууга келгенде абдан жүрөгүбүз ооруйт. Апаман, бир туугандарыман алыс жашаганыма кейип кетем.

© Фото / Айнура КаармановаТалгар Марлис уулу: Ийгиликке жетишем деген ар бир адам эң биринчиден алдына туура максат коюп, ага жетүүгө болгон аракетин жумшоосу зарыл. Азыр билим алуу оңой жана арзан. Каалаган ишти мыкты үйрөнүп кетсе болот. Интернет кенен жайылды. Ар кыл маалыматты изилдеп, аны туура колдонуу менен көп нерсеге жетишүүгө болот. Алгачкы кадам — тил үйрөнүү деп эсептейм.
Google, Amazon, Apple компанияларына кирүүдө үч этап бар. Кыргыз жигиттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Талгар Марлис уулу: Ийгиликке жетишем деген ар бир адам эң биринчиден алдына туура максат коюп, ага жетүүгө болгон аракетин жумшоосу зарыл. Азыр билим алуу оңой жана арзан. Каалаган ишти мыкты үйрөнүп кетсе болот. Интернет кенен жайылды. Ар кыл маалыматты изилдеп, аны туура колдонуу менен көп нерсеге жетишүүгө болот. Алгачкы кадам — тил үйрөнүү деп эсептейм.

— Кандай максаттарыңыз бар?

— Кыргызстанда азыр IT тармагында көптөгөн бизнестер, долбоорлор иштеп жатат. Акыркы жылдары санариптештирүүгө көп акча жумшалууда. Ошол эле үчурда өнүккөн өлкөлөрдөгү көптөгөн IT долбоорлор Кыргызстанда азырынча жок. Демек, дагы эле өнүгүүгө мүктаж жана ушул тармактарды өнүктүргөнгө көптөгөн адистер керек. Ушуга байланышкан максаттарым бар. Кийин мекенге кайтып келгенимде бир нече долбоорлорду ишке ашырууну ойлоп жатам. Мунун баарын убакыт көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0