Амфитеатр, аттракциону менен! Бишкекте быйыл бүтө турган парктардын тизмеси

© Sputnik / Акылбек БатырбековСтроительство парка на пересечении улиц Манаса и Боталиева в Бишкеке
Строительство парка на пересечении улиц Манаса и Боталиева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаада жашыл аянттарды көбөйтүп, экологиялык абалды жакшыртуу максатында сейил бактарды бүтүрүү иш-аракеттери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев курулушу быйыл аяктай турган сейил бактарды тизмектеди.

Вице-мэрдин айтымында, шаардыктар бош убакытта жагымдуу эс алып, калаада жашыл аянттарды көбөйтүү жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында сейил бактарды эртерээк бүтүрүү иш-аракеттери жүрүп жатат.

Парктардын тизмеси:

  • Байтик баатыр — Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Балалык" сейил багы. Анда үч фонтан, отургучтар жана сейилдеп басуучу жалгыз аяк жолдор болот. 900дөн ашык бак-дарак жана бадалдар тигилет;
  • Манас проспектиси менен Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак. Анын жалпы аянты 7,5 гектарды түзүп, кичи-футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, велосипеддер үчүн рампа, көрүүчүлөр жана сүрөөнчүлөр үчүн минибар, воркаут-аянтчалары болмокчу;
  • Борбордун түштүк бөлүгүндөгү Гейдар Алиев атындагы сейил бак. Анын жалпы аянты 5,5 гектар. Бул паркта фонтан, амфитеатр жана балдар аянтчалары курулат.
Жаңылыктар түрмөгү
0