Иммунитетти көтөрүүнүн бирден-бир жолу айтылды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүРоссиялык атлет машыгуу учурунда. Архив
Россиялык атлет машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдар дайым эле спорт менен машыгып, тамакты мүнөздөп жеп, айланасындагыларга жакшы мамиле жасоого ашыкпайт. Бул туура эмес.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Диванда жатып алып эле кайсы бир таблеткаларды ичүү менен иммунитет көтөрүлүп калбайт. Россиялык дарыгер Евгений Комаровский иммунитетти чыңдоонун шарттарын тизмектеп, анын айткандарын РИА Новости жарыялады.

"Иммунитетти көтөрүү — бул кыймыл, пайдалуу азык менен тамактануу, шекерден баш тартуу, ашыкча салмактан арылуу, стресстен оолак болуу. Ошондой эле өтө жышынып тазалана берген жарабайт. Анткени биздин организм дайыма ар кандай бактериялар менен байланышта болушу зарыл. Аны менен катар дайым жакшы маанайда жүрүү менен жыныстык катнашта болуп туруу абзел. Мунун баары адамдар үчүн жат эмес, табигый нерсе. Буга кошумча таза аба менен дем алууга аракеттенип турса эле иммунитет жогору болот", — деди Комаровский.

Ал кошумчалагандай, адамдар дайым эле спорт менен машыгып, тамакты мүнөздөп жеп, айланасындагыларга жакшы мамиле жасоого ашыга бербейт.

Комаровскийдин айтымында, кээ бирлер эч нерсе жасабай эле "сыйкырдуу таблеткаларды" ичүү менен иммунитет көтөрүлөт деп ойлойт. Бирок бул туура эмес. Мындай жол менен адамчылар гана акча таап утушка ээ болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0