Нарында 7 милиция кызматкери коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлер фуражкаларын кармап турат. Архив
Милиция кызматкерлер фуражкаларын кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда укук коргоо органдарынын 27 кызматкери коронавируска кабылганы айтылат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган милиция кызматкерлеринин жетөө Нарын облусунда иштеп жаткан. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын 27 кызматкери коронавируска кабылган. Соңку жети учур 3-майда Нарын облусунан катталган.

“Алар дагы медицина кызматкерлери сыяктуу жумуш учурунда жуктуруп алууда. Ар бир учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, тобокелчиликтердин себеби, жумуштагы шарттары аныкталат. Ошого карап дагы башкалар жуктуруп албашы үчүн биз болушунча эртерээк коргонуу эрежелерин бергенге аракет кылабыз”, — деди Үсөнбаев.

Коронавирустун кесепети

Сдача крови сотрудниками Росгвардии - Sputnik Кыргызстан
Теңи Нарында. Өлкөдө дагы 24 кишиден коронавирус аныкталды
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 895ке жетип, анын ичинен 637си айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0