Министрлик: чаткалдыктарга коронавирус тажыяга баргандардан жуккан

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDМусулмандык мүрзө. Архив
Мусулмандык мүрзө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басарынын айтымында, учурда Чаткалда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Вирус 13 кишиден чыккан.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Чаткал районунун тургундарына коронавирус тажыяга баргандардан жуккан. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Чаткалда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Коронавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти.

“Чаткалдын жашоочуларына оору сырттан кирген. Тагыраагы, тажыяга баргандардан жуккан. Бишкектен дагы барышкан. Ошол жерге коронавирусу бар кишинин барып калышы оорунун жайылышына себеп болгон. 13 учур тең бир жерден болуп жатат”, — деди Үсөнбаев.

Учурда сөөк коюуга катышкан жергиликтүү жашоочулардын толук атын-жөнү, дареги такталып, көзөмөлгө алынган.

Милиция кызматкерлер фуражкаларын кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында 7 милиция кызматкери коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 895ке жетип, 637си айыкты. Коронавирус жуктуруп алган 12 адам каза болду.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0