Коронавирус жайкысын кантип жайылат. Вирусологдун божомолу

© Sputnik / Алехандро Мартинез Велез / Медиабанкка өтүүАял балдары менен Мадридтин паркында. Архив
Аял балдары менен Мадридтин паркында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жонс Хопкинс институтунун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3 769 150гө жетти.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын жайылышы жай мезгилинде басаңдай түшөт. Бул тууралуу "Известия" басылмасы медицина илимдеринин доктору, профессор Анатолий Альтштейнге шилтеме берип жазды.

Адистин айтымында, жайкысын адамдын иммунитети башка мезгилдерге салыштырмалуу күчтүү болот.

“Бул жайында күндүн нуру ооруп калгандардын ичиндеги вирусту жок кылып жиберет дегенден кабар бербейт. Албетте, мындай болушу мүмкүн дагы эмес. Болгону жай мезгилинде адамдардын иммунитети күчтүү болот. Ошондой эле адамдар кыштагыдай бир жерге көп топтолбой бири-биринен оолагыраак жүрүшөт”, — деди вирусолог.

Анын айтымында, медиктер жайында эпидемия басаңдайт деп чоң үмүт артып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0