Жети облустагы Тез жардам кызматынын учурдагы абалы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер жумуш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тез жардам кызматкерлеринин айлыгы 5 миң сомдон башталат. Маянанын аздыгынан өлкөнүн көп аймактарында Тез жардам кызматкерлеринин жетишсиздиги курч маселе бойдон калууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жалпы республикадагы Тез жардам кызматынын учурдагы абалын жана өзгөчө кырдаал убагында иштөө шарттарын билүү максатында ар бир облустун өкүлдөрү менен байланышып маалымат топтоду.

Ысык-Көл облусу

Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Мирбек Сагынбаевдин маалыматына караганда, Ысык-Көл облусу боюнча Тез жардам кызматында адистердин жетишпестиги дароо көзгө урунат.

Координатор билдиргендей, жаш адистер дээрлик жокко эсе же аз санда болушуна айлыктын аздыгы себеп. Тез жардамда иштегендер 5 миң сомдон 8 миңге чейин айлык алышат. Мындан тышкары кызматтык унааларынын эскилиги жеткен.

"Көлдүн алыскы аймактарында жайгашкан Тез жардам кызматкерлеринин маянасына кошумча 15 пайыз гана акча төлөнүп берилет. Башкача айтканда, айлыктын базалык чеги 5 миң болсо, ага 770 сомдой эле кошулууда. Учурда бул тармак баш көтөрбөй иштеп жатат. Себеби коронавирустан чочулаган эл дене табы көтөрүлсө эле коркуп, Тез жардамга чалышат. Бир эле Тез жардам пункту бир күндө 15-16 чакырууга барат", — деди Мирбек Сагынбаев.

Анын айтымында, бул тармактагы медиктерге коронавируска кошумча төлөм катары абдан аз акча каралган. COVID-19 жуктурган бир бейтапты ооруканага алып келишсе, айлыктарына 500-600 сомдун тегерегинде кошумча акча берилет.

Баткен облусу

Саламаттык сактоо министрлигинин Баткендеги координатору Арзыбек Боробековдун маалыматына ылайык, облуста 28 мобилдик топ уюшулган. Алар 1-майдан баштап кадимки штаттык режимде иш алып барышууда.

Боробековдун айтымында, Баткен облустук Тез жардамдын кызматтык унаалары толукталды. Быйылкы жылдын башында жеке клиникалардан үч машина облуска белек катары берилген.

Тез жардам кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо борборунда 7 кишиден COVID чыкты. Арасында балдар бар
"Бирок бул тармакта врачтар жокко эсе. Ар бир бригадада бирден фельдшер жана айдоочу гана иштеп жатат. Ал эми айлыктарын аткарган ишине жараша алышат. Мисалга бир ооруканада эки же төрт бригада болушу мүмкүн, алар кезектешип нөөмөткө чыгышат. Тез жардам кызматындагылар обсервациядагы бейтаптарды стационарга алып келип жаткырган учурлар бар. Ошол себептен апрелдин маянасына кошумча кенемте акча төлөнүп берилди", — деди Боробеков.

Координатор кошумчалагандай, облуста дене табы көтөрүлүп, коронавируска шектенип үйлөргө тез жардам чакырган учурлар катталган эмес.

"Өнөкөт оорулар боюнча чакыруулар мурункудай эле. Кээ бир жарандар коюлган тосмолордон өтө албай калганда биздин кызмат маселени чечип жатат. Бригадалар коргонуучу каражат, кийим жана күйүүчү май менен толук камсыздалган", — деди Боробеков.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун орун басары Гүлнара Ашымбаева билдиргендей, облустук тез жардам пункттарында иштеген медицина кызматкерлери милдетин аткарып, коронавируска шектелген бейтаптардын үйүнө барып, зарылчылык болсо ооруканага чейин жеткирип жатышат.

"Обсервациядагылардан коронавирус аныкталып калса, изоляторго жеткирүү кызматын да Тез жардам аткарууда. Облус боюнча Жалал-Абад шаарында гана аталган кызматтын дарыгерлер бригадасы бар. Калган аймакта тажрыйбалуу фельдшерлер иш алып барышат. Айлыктары 5 миң сомдон жогору эсептелинет", — деди Ашымбаева.

Ал эми өзгөчө абал маалында облуста Тез жардамдын иштөөсүнө эч кандай тоскоолдук жаралган эмес.

Чүй облусу

Аталган облустагы 48 тез жардам унаасынын эскилиги жетип бүткөнүн Чүй облустук үй-бүлөлүк медициналык борбордун директорунун орун басары Асель Адамалиева билдирди.

Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов - Sputnik Кыргызстан
Бейтап коронавирус менен оорубайм деп качып жөнөбөспү. Дарыгердин маеги
"Унаалардын ичинен бузулгандары бар, аларды оңдотуп жатабыз. Акыркы жолу 2019-жылы Кемин районундагы Тез жардам кызматына Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан эки машина берилген. Учурда облус боюнча аталган тармакта дарыгерлер бригадасы жок. Фельдшерлер жана медайымдар гана иштешет. Врачтар болсо, албетте, жакшы болмок. Облуста жалпы 218 фельдшер бар, күнүнө 15тен ашык чакыруу болот", — деди Адамалиева.

Анын айтымында, облуста Тез жардам кызматы менен мобилдик топтун кызматы эки башка жолго коюлган.

Ош облусу

Оштун ар бир районунда жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер медициналык борборунда тез жардам пункттары бар.

Ал эми Ош шаардык тез жардам бекетинин башкы дарыгери Нуриля Шериеванын билдиргенине караганда, бул тармакта атайын жана жөнөкөй бригадалар иш алып барышат. Атайын дарыгерлер бригадасында кардиолог, анестезиолог-реаниматологдор бар. Ал эми шаар боюнча 14 тез жардам унаасы болсо, анын төртөө учурда бузулуп жатат. Үч машинанын гана абалы канааттандырарлык, калган он биринин эскилиги жеткен.

"Ушу тапта жүрүп жаткан он тез жардам унаасы да жумушка жетише албай кыйынчылык болуп калууда. Дарыгерлер да тартыш. Ош шаары боюнча Тез жардам кызматында 50 бригада бар. Башкы врач менен анын орун басарын кошпогондо, жалпы 35 врач болушу керек. Азыр болгону 17 гана дарыгер иштейт. Алардын 30 пайызын жаш адис катары ординаторлор түзөт. Бир аз болсо да жетишпестикти жабуу максатында ординаторлор менен дарыгердик курамды толуктап жатабыз", — деди Шериева.

Ал кошумчалагандай, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Тез жардам кызматы да ишке тартылганы менен аларга кенемте катары аз акча төлөнүүдө.

"Марттын айлыгы менен коронавируска шектелген ар бир бейтапты ооруканага ташып келүү боюнча дарыгерге 560 сом, айдоочуга 444 сом, фельдшерге 460 сом кошумча акча берилген. Бирок апрелде бул акчанын суммасы кайра төмөндөп калыптыр. Алып келинген бейтаптын ПЦР анализинен COVID-19 жуктурганы аныкталса дарыгерге 600 сом, айдоочуга 400 сом жана фельдшерге 500 сом кенемте төлөнүп, эгер аныкталбаса, ар бир чакырууга 80-90-100 сом гана кошулат экен", — деди башкы дарыгер.

Ал эми коргоочу кийимдер менен Ош шаардык тез жардам кызматы толук камсыздалып, бир да медиктин коронавирус жуктуруп алган учуру катталган эмес.

Талас облусунда фельдшер толук жетиштүү

Облус боюнча Тез жардам кызматында медицина адистери жетиштүү экенин жана ушу тапта 31 машина иштеп жатканын министрликтин Талас облусундагы координатору Айжамал Шабдинова айтты.

Ош шаардык башкармалыгындагы Куткаруу кызматынын жетекчиси Белек Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө апамды сагындым. Бир айдан бери үйүнө бара элек куткаруучунун маеги
"Бакай-Ата жана Талас райондук үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында эки жаңы тез жардам унаасы берилген. Облус боюнча фельдшер жана медайым толук жетиштүү. Анткени аймакта медициналык колледжде тийиштүү адистер даярдалып чыгат. Райондордогу үй-бүлөлүк медициналык борборлордун тез жардамында бирден фельдшер, медайым жана айдоочу иштейт. Облустук борбордо гана бир врач бар. Бирок негизинен Талас боюнча ооруканаларда 108 дарыгер жетишпейт. Булар хирургдар, неонатологдор, инфекционисттер жана реаниматолог-анестезиологдор", — деди Шабдинова.

Ал кошумчалагандай, облуста дарыгерлердин көбүн 40 жаштан жогорку курактагы адистер түзөт.

Нарында мобилдик топторго өзүнчө транспорт бөлүнгөн

Саламаттык сактоо министрлигинин Нарындагы координатору Мурат Алияскаров облустагы Тез жардам кызматында унаалар жана адистер жетиштүү экенин белгиледи.

"Машиналардын техникалык жактан абалы жакшы, бузулуп калса тез арада оңдоп ишке берип жатабыз. Ат-Башы районундагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу тез жардам унаасы жетишпей, Нарын шаарынан эки машина жөнөттүк. Аталган кызматтын иштешине өлкөдөгү түзүлгөн абал эч кандай таасир тийгизген жок. Мобилдик топторго өзүнчө транспорт бөлүнгөн. Ал эми Тез жардам кадимкидей өз ишин аткарууда", — деди Алияскаров.

Анын айтымында, аймактагы бир гана көйгөй COVID-19 инфекциясы болуп турат.

Өлкөдөгү абал

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 895ке жетип, анын ичинен 637си айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды. Вирус жуктуруп алгандардын, андан каза болгондордун арасында медицина кызматкерлери да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0