Медиктерди киргизбей... Чаткалда COVID-19ду аныктоодо жаңжал чыкты

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүОбучение ординаторов диагностике COVID-19 в клинике Волгоградского медицинского университета
Обучение ординаторов диагностике COVID-19 в клинике Волгоградского медицинского университета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургундар баррикада кылып алганга чейин барып медицина кызматкерлерин киргизбей коюшканы айтылат.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Чаткал районунда коронавирус жуктургандарды аныктоо иш-чараларын жасап жүргөн медиктерге эл каршылык көрсөтүп жаңжал чыкты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, элге жагдайды түшүндүрүп ынандыргандан кийин макул болуп, медиктер изилдөө жүргүзө баштаган.

“Башында дарылануудан баш тартып коронавируска ишенишкен эмес. Баррикада кылып алганга чейин барып, медиктерди киргизбей коюшкан. Мындан улам милиционерлер, райондук администрациянын кызматкерлери чакырылган. Учурда маселе чечилди. Коронавирус жуктурган адамдар ооруканада дарыланып жатат. Алар менен байланышта болгондор үй карантинине алынып, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Эпидемиологдордон түзүлгөн топ байланышта болгондорду издеп жана оорунун жайылышын тактоодо”, — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал Чаткалда “РСК банкынын” бир кызматкери да коронавируска кабылганын кошумчалады.

Азыркы тапта аталган райондун 17 тургуну COVID-19 жуктуруп алганы тастыкталды. Оору алгач башка аймакка тажыяга барып келген адамдардан чыкканы айтылган. Өткөн суткада үч жаңы учур катталган.

Коронавирустун кесепети

Филатовская больница готова принимать пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: оор абалдагы 12 кишинин жарымы реанимацияда жатат
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 906га жетип, анын ичинен 650сү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды. 

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0