Чаткалдагы коронавирус чыры. Дарыгер менен тургун бири-бирин айыптап арыз жазышты

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЛабораторияда киши коопсуз бет капчан коронавирус тест өткөн учурда. Архив
Лабораторияда киши коопсуз бет капчан коронавирус тест өткөн учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер айылдагы коронавируска шектелгендердин үйлөрүн кыдырып, анализ алышкан. 29 жаштагы тургундун үй-бүлөсүнөн да анализ алууга барганда, үй ээси аларга каршылык көрсөтүп чыгарып салган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылынын жашоочусу "дарыгердик сырды ачыкка чыгарды" деген арыз менен айылдагы медиктердин бирин күнөөлөп, милицияга кайрылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Обучение ординаторов диагностике COVID-19 в клинике Волгоградского медицинского университета - Sputnik Кыргызстан
Медиктерди киргизбей... Чаткалда COVID-19ду аныктоодо жаңжал чыкты
Анын айтымында, дарыгерлер айылдагы коронавируска шектелгендердин үйлөрүн кыдырып, анализ алышкан. 29 жаштагы тургундун үй-бүлөсүнөн да анализ алууга барганда, үй ээси каршылык көрсөтүп чыгарып салган. Бирок болбой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарын экспресс-тесттен өткөрүп кетишкен.

Ошол эле күнү медиктер милицияга "жергиликтүү тургундар каршылык көрсөттү" деп арыз жазган. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"2-май күнү экспресс-тесттин жыйынтыгында 29 жаштагы тургундун уулунан коронавирус чыккан. Мындан улам дарыгерлер аларга чалып баласынын кайра анализ тапшырып кетүүсүн айтышкан. Ал киши уулун алып кошуналары менен кошо ооруканага барган. Эпидемиолог-дарыгер аларды оорукананын короосуна киргизбей туруп, уулунун анализинин жыйынтыгын кошуналардын көзүнчө көрсөтүптүр. Мындан улам ал жаран дарыгердин үстүнөн арыз жазып, ага чара көрүүнү өтүнгөн",— деди Жээнтаев.

Бул арыз да Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар кодексинин 83-беренеси ("Дарыгердик сырды ачыкка чыгаруу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Эки факты боюнча тең учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Маалым болгондой, коронавирус табылган бала азыр ооруканада. Ал эми анын ата-энеси жана үй-бүлө мүчөлөрү изоляцияланып, үй карантинине алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0