Жеңиш майрамы: эртең Бишкекте салют атылат

Жазылуу
Иш-чараны Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен уюштуруп жатат.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Эртең Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкекте салют атылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Белгилей кетсек, пандемияга бапйланыштуу карантиндик чектөөлөрдөн улам массалык түрдө көчөгө чыгып майрамдоого болбойт.

“Майрамдык салют атылат. Аны Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен уюштуруп жатат”, — дешти мэриядан.

Фейерверк 9-май күнү саат 22.00дө "Жеңиш" аянтында атылып, жеринде милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат.

Мэриядан кошумчалашкандай, эртеңки майрамга деп бөлүнгөн 2,5 миллион сом калаанын башка керектөөлөрүнө жумшалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0