Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди

© Фото / пресс-служба ГРСОш облусуна караштуу Өзгөн шаарында жашаган 100 жаштагы Саламатхан Маллабековага биринчи ирет Кыргызстандын паспорту берилди
Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында жашаган 100 жаштагы Саламатхан Маллабековага биринчи ирет Кыргызстандын паспорту берилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маллабекованын алты баласы, 28 небереси, 106 чөбөрөсү жана 61 кыбырасы бар. Ал 1920-жылы төрөлүп, өмүр бою Өзгөн шаарында жашаган.

БИШКЕК, 8-май – Sputnik. Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында жашаган 100 жаштагы Саламатхан Маллабековага биринчи ирет Кыргызстандын паспорту берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГРСОш облусуна караштуу Өзгөн шаарында жашаган 100 жаштагы Саламатхан Маллабековага биринчи ирет Кыргызстандын паспорту берилди
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди - Sputnik Кыргызстан
Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында жашаган 100 жаштагы Саламатхан Маллабековага биринчи ирет Кыргызстандын паспорту берилди

Маалыматка караганда, Маллабекованын алты баласы, 28 небереси, 106 чөбөрөсү жана 61 кыбырасы бар. Ал 1920-жылы төрөлүп, өмүр бою Өзгөн шаарында жашаган. Туулгандыгы жана никеси тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан паспорт ала албай келген.

“Өзгөн шаарынын Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери өз каражатына бир катар документтерди калыбына келтирүүгө жардам беришкен. Натыйжада комиссия аялдын ким экенин тактап, Кыргызстандын 2017-жылы чыккан үлгүдөгү паспортун (eID-карта) беришкен. Документ эки күндө даяр болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери Маллабекованын үйүнө барып башкы жана эң маанилүү документти тапшырышкан. Ошондой эле белек-бечкектер менен азык-түлүк дагы берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0