Жээнбеков менен Путин телефондон сүйлөштү. Талкууланган маселелер

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн Путинге ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 8-май – Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет жетекчилери Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо сөздөрүн айтышкан.

Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян - Sputnik Кыргызстан
Дарыя жоокерлерибиздин сөөгүнө толуп калган. Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян
Президент Жээнбеков Улуу Жеңиш — эркиндик жана көз карандысыздык үчүн жанын аябай күрөшкөн элдин жалпы мурасы болуп саналарын айтып, экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндөгү тарыхый чындыкты бурмалоого жол бербөөгө багытталган аракеттерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

Жээнбеков ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, бул илдет менен күрөшүү боюнча мындан аркы биргелешкен чараларды талкуулаган.

Ошондой эле мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, ошондой эле көп тараптуу уюмдар жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенишүү жаатында пикир алмашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0