Чек арадагы чыр. Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары сүйлөштү

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаКыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулап, окуяны жөнгө салууга багытталган аракеттерди координациялоо зарылдыгын белгилешкен.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин эки өлкөнүн чек арасында ок атуу менен коштолгон окуядан улам телефондон сүйлөшүштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды талкуулап, окуяны жөнгө салууга багытталган биргелешкен аракеттерди координациялоо зарылдыгын белгилешкен.

"Министрлер чек арадагы чыңалууну басаңдатуу жана кырдаалдын курчушун алдын алуу максатында жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө бир пикирге келишти. Абалды турукташтыруу максатында тараптардын ортосунда ыкчам байланыш түзүү макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.

Баткендеги окуя

Эске сала кетсек, бүгүн, 8-майда, кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.

Ооруканадагы капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч аскер жаракат алды. Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду
Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Кийинчерээк чек ара кызматы ок атышуу токтогонун билдирди. Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0