Орто жаштагы адамдар эмне себептен стресске көп кабылат? Иликтөө

© Фото / Pixabay / StockSnapКиши бетин жабып отуруп жатат. Архив
Киши бетин жабып отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ортодо калган муун" деп эсептелген бул адамдарды бир жагынан алардын багуусундагы ата-энеси, экинчи жагынан азыркыдай кымгуут жашоодо карьера жасоого жанталашкан балдары тынчсыздандырат.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Азыр 1990-жылдарга салыштырмалуу стресске кабылган адамдар 20 пайызга көбүрөөк жана алардын басымдуу бөлүгү 45-60 жаштын ортосундагы кишилер. Бул тууралуу Пенсильвания университетинин (АКШ) психологу Дэвид Алмейданын иликтөөсүнө таянып Daily Mail басылмасы жазды.

Адистин айтымында, "ортодо калган муун" деп эсептелген бул адамдарды бир жагынан алардын багуусундагы ата-энеси, экинчи жагынан азыркыдай кымгуут жашоодо карьера жасоого жанталашкан балдары тынчсыздандырат.

"Азыр жаштардын көбү кадыр-барктуу, айлыгы көп иш табууга, карьера жасоого умтулат. Бирок жумуштун аздыгынан иш таппай кыйналган балдарын көргөн ата-эне бушайман болот", — дейт психолог.

Россиялык атлет машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иммунитетти көтөрүүнүн бирден-бир жолу айтылды
Ошондой эле бул курактагы адамдардын көбү жашоону түшүнүп, жумушта, достор арасында белгилүү бир орду бар болуп калгандыктан, кесиптештери жана тааныштары үчүн дагы санаа тарта берет.

Ошондой эле адистер азыр адамдардын стресске көп кабылып жатканына жаңы технологиялардын жетишкендиги таасир этип жатканын айтат. Тагыраагы, интернетке кошулган смартфон дүйнөнүн ар кайсы жагында болуп жаткан негативдүү жаңылыктарды желдей таратып, көпчүлүк адамдардын жанын кейитет.

Жаңылыктар түрмөгү
0