Акция Вальс Победы посвященная участникам ВОВ на площади Победы - Sputnik Кыргызстан

Жеңиш күнүн Кыргызстан кандай майрамдап жатат? Тексттик трансляция

Жазылуу
Коронавирус эпидемиясынын жайылышынан улам Кыргызстандын эли да Жеңиш күнүн көчөгө чыгып майрамдай алган жок.

Бирок ага карабай мекендештер виртуалдык "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышып, соцтармак, интернет аркылуу согуш ардагерлерин эскерип, аларга ыраазычылык айтууда.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
15:45 09.05.2020

Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 75 жылдыгынын урматына Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков, облустук милициянын башчысы Кылычбек Жолдошев калаада жашап жаткан 5 ардагерден кабар алып, акчалай белек тапшырды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Жаштарга үлгү көрсөтүп келген ардагерлердин бири 95 жаштагы Гаффан Вильданов. Ал көнүл буруп, өзгөчө абалдын катаал күндөрүнө карабастан кабар алып, белек тартуулаган укук коргоочуларга ыраазычылыгын билдирди.

Жалал-Абад областы боюнча бүгүнкү күндө 31 ардагер болсо, алардын бешөө Жалал-Абад шаарынын аймагында жашайт.

Жалал-Абад облусунун райондук милиция бөлүмдөрү да өздөрү жашаган аймактары ардагерлерди куттукташты.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов Араван айылынын жашоочусу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ИИМ ардагери Кайым Исмаиловду куттуктады. 

Ички иштер министрлигинин атынан 20 миӊ сом, облустук башкармалыктын атынан 10 миӊ сом акчалай белек тапшырды.

Поздравление ветеранов ВОВ сотрудниками милиции в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
12:43 09.05.2020

Баткен облусунда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

9-май Улуу Жеңиш майрамына арналган иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов баштаган жетекчилер катышты.

Алар өчпөс отко гүлчамбар коюп, согушта курман болгон аталардын арбагына багыштап куран окушту.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Баткен облусунан 20 766 эр азамат аттанган болсо, алардын 14 213ү кайтпай калган. Ал эми 6553 мекенине кайтып келишкен.

Учурда 10 согуштун ардагери, 279 ооруктун ардагери бар.

Ал эми облустагы Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков көзү тирүү болгондо кечээ, 8-майда, 100 жашка толмок.

Баатырдын туулган жери Лейлек районунда анын эрдиги эскерилип, эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.

Празднование 75-летия Великой Победы в Баткене - Sputnik Кыргызстан
12:37 09.05.2020

Бүгүн 9-май Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын Жалал-Абад шаарынын тургундары карантиндик эрежелерди сактаган шартта белгилешти. Үйлөрдүн терезе-балкондорунан ата-бабалардын эрдигин даңктаган ырлар жаңырып, жашоочулар согушка катышкан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп турушту. Аларды Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жана шаардык кеңиштин төрагасы Айбек Жолдошевдер барып куттукташты. Жалал-Абад облусу боюнча учурда согуштун 30 ардагери, ооруктун 59 ардагери, концлагердин эки туткуну бар. Облус боюнча согушка 30 миңден ашуун жаран катышкан.

Празднование 75-летия Великой Победы в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
12:36 09.05.2020

Каракол шаарынын Жеңиш паркында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чара быйыл COVID-19 илдетине байланыштуу аз адамдын катышуусунда болду. 

Салтанаттуу аземге ыйгарым укуктуу өкүл Акылбек Осмоналиев, шаар мэри Адыл Каниметов жана башка жетекчилер катышты.

Митинг-реквием 75-летию Великой Победы в Караколе - Sputnik Кыргызстан
12:29 09.05.2020

Бүгүн, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү. “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде өткөн гүл коюу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, РФтин Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, тиешелүү кызматтардын башчылары, Ош облустук жана шаардык милициянын башчылары катышты.

Митинг-реквием 75-летию Великой Победы в Оше - Sputnik Кыргызстан
12:24 09.05.2020

Ал арада президент Сооронбай Жээнбековдун жана Кыргызстан эилинин атына коңшу мамлекет башчыларынан куттуктоолор келип жатат.

12:05 09.05.2020

Жыл сайын өтүп, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган "Өлбөс полк" акциясы быйыл коронавирустан улам онлай тартипте өтүп жатат. Ардагерлердин сүрөттөрү соцтармакка жүктөлүп, терезелерге илинүүдө.

11:49 09.05.2020

Борбор калаанын "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата митинг-реквием өтүп, ага мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, өлкө башчы Өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Генералдык штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышкан.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0