Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны

© Sputnik / Леонид Бать / Медиабанкка өтүүБои за высоту на правом берегу Днепра
Бои за высоту на правом берегу Днепра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиялык журналист Александр Верт “Россия согуштун отунда” аттуу китебинде "Сталинград салгылашуусунда советтик аскерлердин арасында теги кыргыз, казак жана башкырлар эрдиги менен айырмаланды" деп суктанып жазган.

Sputnik агенттигинин колумнисти Алмаз Батилов Улуу Ата Мекендик согушта кан-жанын аябай жерин коргоп, улуу Жеңиш күнүн жакындатууга зор салым кошкон кыргызстандык баатырлардын каармандыгын даңазалоону улантат.

Буга чейин эскерүү макаласынын биринчи бөлүгү чыккан.

Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын арасында 1395 кыз-келин бар эле. 

© Фото / Каракольский историко-краеведческий музей1945-жылы 16-апрелден 2-майга созулган Берлин операциясында өзгөчө эрдик көрсөткөнү үчүн кыргызстандык жоокер, ефрейтор чалгынчы Кокен Жумалиев ушул ыраазычылык кат менен сыйланыптыр. Мындан тышкары ага Эрдик медалы, Даңк орденинин 3-даражадагысы жана Улуу Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордени ыйгарылган.
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны - Sputnik Кыргызстан
1945-жылы 16-апрелден 2-майга созулган Берлин операциясында өзгөчө эрдик көрсөткөнү үчүн кыргызстандык жоокер, ефрейтор чалгынчы Кокен Жумалиев ушул ыраазычылык кат менен сыйланыптыр. Мындан тышкары ага Эрдик медалы, Даңк орденинин 3-даражадагысы жана Улуу Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордени ыйгарылган.

Алагуш Токтоназаров (1901-1954): Ит аман алып калганда

© Фото / из личного архива Амантура ТоктоназароваУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Алагуш Токтоназаровдун уулу Амантур Токтоназаров. Жети-Өгүз айылы, 1980-жыл
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Алагуш Токтоназаровдун уулу Амантур Токтоназаров. Жети-Өгүз айылы, 1980-жыл
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Амантур Токтоназаров салгылашта жарадар болгон атасы Алагуш Токтоназаровду ит кантип сактап калганын айтып берди. 

Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян - Sputnik Кыргызстан
Дарыя жоокерлерибиздин сөөгүнө толуп калган. Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян
— 1941-жылы атам согуш башталганда кан майданга аттанат. 1943-жылы Смоленск шаарынын алдындагы чабуулда бутунан катуу жарадар болуп, жыла албай калат. Түн кирген маалда карышкырга окшогон жаныбарды көрүп, жүрөгү түшөт. Анткени андан мурда полктошторунан талаада жараат алгандарды жана өлүктөрдү карышкырлар жеп жатат деген сөздү угуптур. Мылтыгын алып, атып салайын деп турган учурда караан жакындайт, ит экен. Жонунда медициналык баштыгы бар. Добик деп чакырса жүгүрүп келип шимшип кайра кетет. Болжол менен жарым сааттан кийин баягы ит эки медайым кызды ээрчитип келет. Алар атамды замбилге салып, ооруканага жеткиришет. Ошентип атамды ит менен эки кыз сактап калыптыр. 1943-жылы атам үйгө кайткандан кийин 1944-жылы мен да фронтко кеттим.

Лемзаз Ливазов (1919-1993): 14 жылга созулган кусалык

© Фото / из личного архива ЛивазовыхУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Лемзаз Ливазов Пржевальск шаарында. 1985-жыл
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Лемзаз Ливазов Пржевальск шаарында. 1985-жыл

Ата Мекенине 14 жылдан кийин кайткан Лемзаз ата тууралуу уулу Мадый баяндап берди.

— 1939-жылы атам Кызыл Армиянын катарына чакырылат. 1941-жылы жайдын башында аскердик кызматынын мөөнөтү бүткөн экен, бирок жетекчилик коё бербей коёт. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда атамдын бөлүгү фашисттер менен салгылаша баштайт. Бир жолу аны командири взводго чай алып кел деп колуна чака берип ашканага жиберет. Атам чайды алып келе жаткан учурда немистин самолёту аткылайт, чакага ок тийип, өзү аман калыптыр. 1942-жылы туткунга түшөт. Атамды Германиядагы концлагерге айдаганда Польшадан дагы бир кыргыз досу менен вагондон секирип качышат. Ачкалыктын айынан картошканын кабыгын жегенбиз деп кээде атам үшкүрүп айтып калар эле. Экөө Батыш Белоруссиядагы партизандык отрядга кошулуп, согушат. 1944-жылы Белоруссия баскынчылардан бошотулганда Советтик Армиянын катарына кошулат. 1945-жылы 25-апрелде атам гитлерчилердин чабуулунун мизин кайтаруудагы каармандыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйланган. Бирок согуш бүткөндөн кийин СМЕРШ (аскердик контрчалгын кызматы) ага туткунга өз эркиң менен түшкөнсүң деп жалаа жаап, Красноярск аймагындагы Соры кыштагына сүргүнгө айдашат. Бул жерде ал шахтада иштейт, башынан далай азап-тозокту өткөрөт. 1953-жылы амнистия жарыяланып, атам журтуна кайтат. 1960-жылдардын аягында толугу менен акталды.

Макай Усупов (1924-2020): Немистер өлгөндөрдүн арасынан байкабай калышкан

© Фото / из личного архива Марата УсуповаУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Макай Усупов. Чыгыш Пруссия, 1945-жыл
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Макай Усупов. Чыгыш Пруссия, 1945-жыл

Бул ардагердин бир салгылашта кантип аман калганын баласы Марат айтып берди.

Письмо участника ВОВ кыргызстанца Курманбека Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
"11 күн бою жалаң кызыл чокто болдум". Фронттон келген каттарды барактап
— 1942-жылы атам Советтик  Армиянын катарына чакырылат. Ал Түркмөнстандын Чаржоу калаасында даярдыктан өтүп, 1943-жылы ал фронтко жөнөйт. Орёл-Курск салгылашына катышат. Белоруссияны бошотуп жаткан учурда катуу контузия алган экен. Эсине келсе, фашисттер согуш талаасын кыдырып, тирүү советтик жоокерлерди карап жатканын көрөт. Атам сыр алдырбастан өлүмүш болуп жатып калат. Аны немистер байкабай өтүп кетишет. Алар кеткенден кийин түн ичинде өз бөлүгүн таап барат. Атам энесинин жалгыз баласы эле. 1945-жылы атам Кенисберг шаарына чабуул коюп ээлегенде да аман калган. Согуш бүткөндөн кийин Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районун гоминдачылардан бошотконго катышкан. Ал эми чоң энем Бүбүкан Асанбаева тылдагы иши жана Боом капчыгайындагы жол куруудагы ак эмгеги үчүн мактоо баракчасы менен сыйланган.

Маана Абылов (1920-1986): Эки макизар

© Фото / Из личного архива Абды ДжекишеваУлуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Маана Абылов менен Ишен Тойчубеков. Түштүк Франция. 1944-жыл
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Маана Абылов менен Ишен Тойчубеков. Түштүк Франция. 1944-жыл

1944-жылы жайында Түштүк Францияда макизарлардын катарында согушкан эки дос Ишен Тойчубеков менен Маана Абылов сүрөткө түшкөн. Абыловдун фашисттик концлагердеги азабын кызы Арсар эже баяндап берди.

— 1941-жылы 24-июнда Литвадагы салгылаштын биринде атамдын бутуна снаряддын чачырандысы тийип, эсин жоготкон учурда гитлерчилер туткунга түшүрүп, Польшадагы концлагерге айдашат. Ал жерден фашисттер советтик туткундарды адам катары көрбөй, кордук көрсөтүшөт. "Айлабыз кеткенде ит менен мышыктын да этин жедик" деп атам зээни кейип айтып калар эле. 1944-жылдын башында аларды Түштүк Франциядагы Альби шаарында жайгашкан концлагерге алып келишет. Бул жерден кокусунан атам жердеши Ишен Тойчубековго жолугат. Экөө башка советтик туткундар менен биригип качып, француз партизандарына кошулат. Францияны баскынчылардан бошотуу учурунда атам бир бутунун жарымынан ажырайт. Буга карабастан тикмечилик менен өтүк ултарганды үйрөнөт. 1945-жылы СССРге кайтат. Бирок аны коопсуздук кызматы абдан текшерип, эмне үчүн туткунга түштүң, батыш өлкөлөрдүн чалгын кызматына өтүп кеткен жоксуңбу деген шек менен айласын кетирди. Атам менен Ишен аба өмүр бою атайын кызматтын көзөмөлүндө болушту. Досу Тойчубеков Тоң районунда мыкты жетекчи жана калың элдин арасында кадыр-барктуу болгонуна атам абдан сыймыктанчу.

Ишен Тойчубеков (1922-1987): Бизди украин аялдар сактап калышкан

© Фото / из семейного архива ТойчубековыхУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери, аскер училищесинин курсанты Ишен Тойчубеков (сол жактан биринчи). Фрунзе шаары, 1943-жыл
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, аскер училищесинин курсанты Ишен Тойчубеков (сол жактан биринчи). Фрунзе шаары, 1943-жыл

— 1943-жылы үч айдын ичинде Фрунзе шаарындагы жөө аскер училищесин бүтүрүп, кичи лейтенант наамы ыйгарылды. Фронтко пулемётчулардын ротасынын парторгу болуп дайындалдым. 1943-жылы ноябрь айында Украинанын Кировоград аймагында мен кызмат өтөгөн механикалык корпус чабуулга өтөт. Тыл абдан артта калгандыктан, убагында бөлүгүбүздүн командачылыгы жоокерлер жана ок-дары менен камсыздаганга дарманы жетпей калды. Мындан улам биздин батальон Березовка кыштагынын жанында курчоодо калды. Анын үстүнө ок-дарыбыз түгөндү. Оор жарадар болуп, контузия да алып эсимди жоготтум. Эсиме келсем туткунга түшүптүрмүн. Фашисттер советтик туткундарды Кировоград, Умань жана Винница облустарында жайгашкан концлагерге айдашты. Кыңк этсең эле атат. Тамак бербейт. Айылдардын арасынан өтүп жаткан учурда украин аялдар тобокелге салып, чатырдан тамак ыргытышчу. Көпчүлүк убакта бизди фашисттер бир концлагерден экинчи концлагерге айдап бара жатканын алдын ала билип, украиналык кыз-келиндер жолго тамак-аш чачышчу. Аны биз жолдон терип жечүбүз. Эгерде алардын мындай жардамын көрүп калса фашисттер атып салмак. Ошентип бизди ачкадан өлтүрбөй ошол каарман аялдар сактап калышты. Гитлерчилер эч кимди аябастан оор жумуштарды жасатышчу. Украинадан Польшадагы концлагерге алып келишти, андан ары Бельгияга айдашты. Акыры 1944-жылы майдын аягында Түштүк Франциядагы Альби шаарына алып келди. Бул жерден мени француздар менен поляк кыз макизарларга качырышты. Алар менен бирге фашисттерге каршы салгылаштым. 1945-жылы Германия аркылуу Ата Мекенге кайттым.

Үсөн Саруев (1924-1997): Моргдон туруп келген жоокерлер

© Фото / из семейного архива СаруевыхУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Үсөн Саруев полктоштору менен. 1946-жыл
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Үсөн Саруев полктоштору менен. 1946-жыл

Бул ардагер жөнүндө небереси Нурбек айтып берди.

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандыктар тууралуу кызыктуу 10 факт - Sputnik Кыргызстан
Фашисттер кыргыздын чебер аткычын жок кылышкан. Согуш тууралуу 10 факт
— Чоң атам негизи 1926-жылы төрөлгөн экен. Бирок ал кан майданга жөнөш үчүн эки жаш коштуруп алыптыр. 1942-жылы чоң атам фронтко кетет. Кан кечип жүргөн учурдан эки окуя өзгөчө эсинде калыптыр. 1943-жылы жазында 25 полктошу менен курчоодо калат. Ошентсе да жанын аябай күнү-түнү салгылашышат. Тамак-ашы жок калып, токойдогу курт-кумурсканы терип жешип, чалканды кайнатып ичишкен экен. 25 кишиден бешөө аман калыптыр... 1945-жылдын апрель айында чоң атам Венгрияда безгек менен ооруп, эс-учун жоготот. Аны дарыгерлер өлгөн экен деген бүтүм чыгарып моргго алып кетишет. Жанындагы жарадар жоокердин жардам бергилечи деп онтогонунан эсине келет. Аны чоң атам эптеп тышка алып чыгып, ошентип экөө аман калыптыр. Жеңиш күнүн Венгрияда тоскон.

Рафа Айдарбекова (1918-1996): Жарадар болгонуна карабай операция жасаган

© Фото / из семейного архива АйдарбековыхУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери, капитан Рафа Айдарбекова операция учурунда. Фрунзе шаары
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, капитан Рафа Айдарбекова операция учурунда. Фрунзе шаары

1959-жылы Кыргызстанда V борбордук авиациялык кадрларды окутуу жана аларды кайра даярдыктан өткөрүү аскердик окуу жайы түптөлгөн. Бул жогорку окуу жайда чет элдик угуучулар менен курсанттар билим алчу. Жогоруда айтылган окуу жайдын жетекчилиги тарбиялык максатта Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушууларды уюштурчу. Алардын арасында ардагер, аскердик дарыгер Рафа Айдарбекова да бар эле. Рафа апанын кан майдандагы бир окуясын ушул окуу жайдын кызматкери, отставкадагы полковник Валимжан Таңырыков баяндап берди.

— Рафа Иманалиевна чет элдик угуучулар жана курсанттар менен кезиккенде фронттогу ооруканада бир ирет оор жараат алган жоокерди сактап калганын айтып бергени абдан эсимде калыптыр. Аскерге операция жасалып жаткан учурда фашисттик авиация бомбалай баштайт. Бир бомбанын чачырандысы анын бутунун балтырына сайылат. Ага көңүл бурбай операцияны аягына чыгарат. Жараатын караса, бомбанын чачырандысы өтүгүнүн кончун экиге тилип, балтырына тийиптир. Ал кан майданда миңдеген операцияларды жасап, далай советтик жоокерлердин өмүрүн алып калган. Рафа Иманалиевнанын мындай эрдигин өз оозунан уккан чет элдик курсанттар менен угуучулар аябай таасирленишкен эле.

Асан Эркинбаев (1921-2017): Туз алмашуу

© Фото / из Иссык-Кульского областного государственного архиваУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асан Эркинбаевдин (солдон биринчи) Москвадагы Партия мектебинде окуп жүргөн мезгили. 1952-жыл
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асан Эркинбаевдин (солдон биринчи) Москвадагы Партия мектебинде окуп жүргөн мезгили. 1952-жыл

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ойго келбеген нерселер боло турганын ардагер Асан Эркинбаев небереси Эмилге айтып берген экен.

— Чоң атам адистиги боюнча мугалим. Согушка чейин Пржевальск шаарындагы Киров мектебинде сабак берчү. 1942-жылы майда Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Фрунзе шаарындагы жөө аскер училищесинде үч ай даярдыктан өтөт. Калинин фронтунда согушуп жаткан учурда таң калычтуу окуя болуптур. Чоң атамдын бөлүгү токойдун жанында жайгашкан экен, гитлерчилердин позициясы да жакын жерден орун алыптыр. Күндө кечинде салгылаштан кийин улуу офицерлер тылга кеткенде командирлери ок атканды токтоткула, тамак ичип, эс алгыла деп буйрук беришет. Бир ирет полктошторунун арасында анча-мынча немисче билгендер гитлерчилер менен окоптон кыйкырып тамашалашып сүйлөшөт. Немистердин арасында чала моңол орусча сүйлөгөндөр да бар экен. Алар "туз менен тамак алмашпайлыбы" деген өтүнүч менен кайрылыптыр. Чоң атамдын полктоштору командири менен кеңешип, алмашалы деп чечишиптир. Немисче билген чоң атамдын жолдоштору гитлерчилер менен нейтралдуу тилкеде жолугат. Немистерге туз, тушенка беришет, ал эми гитлерчилерден шоколад, чай жана тамеки алышат. Ушинтип эки тарап бир жума бою кечинде немистер менен тамак алмашып жүрүптүр. Жогору жактан эч ким билбептир. "Эгерде билинип калганда баарыбызды катуу жазалайт болчу, немистер деле адам да, булар да согуштан тажаган" деп чоң атам күлүп айтып калчу. Каармандыгы үчүн Эрдик медалы менен сыйланып, Жеңишти Москвада тосуптур.

Таштанды Ибраев (1923-2003): Фронттогу күтүлбөгөн жолугушуу

© Фото / из личного архива Чыныбая ИбраеваУлуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Таштанды Ибраев (солдо биринчи)жана Шарип Рахимбаев( солдон экинчи)Туп айылында. 1988-жыл 9-май
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Таштанды Ибраев (солдо биринчи)жана Шарип Рахимбаев( солдон экинчи)Туп айылында. 1988-жыл 9-май

Кан майданда капысынан эки бир тууган кандай жолукканы тууралуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Таштанды Ибраевдин баласы Чыныбай айтып берди.

Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Тенти Тамашаев - Sputnik Кыргызстан
92 жашында Кызыл аянттан баскан ардагер Тамашаев: фронтко эки жолу бардым
— Атам Ак-Суу районунун Тепке айылынын кулуну. Согуш учурунда аба десант аскеринде кызмат өтөгөн. Атам фронтко полкунун катарында бара жатып аркасынан Таштанды деген кыйкырыкты угат. Адегенде каңырыш угуп калдымбы деп көңүл бурбайт. Бирок экинчи жолу кыйкырыкты угуп бурулуп караса улуу агасы Карыбай Бөкөнтаев чуркап келе жатыптыр. Алар ага-ининин балдары болчу. Экөө кучакташып жолугат. Аларды көрүп, катардыгы жоокерлердин баары кубанат, айрымдары көзүнө жаш алат. Бирок көпкө сүйлөшө алышкан эмес экен, өз бөлүктөрү менен согуш талаасына кетишет. Карыбай чоң атам кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн эки аскердик орден менен сыйланган. Экөө тең фронттон аман-эсен кайтышты. Атам айылга барганда биринчи кезекте агасына кезикчү. 2003-жылы 9-майда Жеңиш күнүнө арналган салтанатка катышкандан кийин атам каза болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0