Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. ӨКМдин шашылыш билдирүүсү

Жазылуу
Шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 15 метрге жетет. Ошондой эле күн күркүрөшү божомолдонду.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына болжол менен 15 метрге жетет. Ошондой эле күн күркүрөшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0