Тынчсыздантат! ТИМ Тажикстандын элчисине нааразычылык нотасын тапшырды

© Фото / пресс-служба МИД КРПосол Республики Таджикистан в КР Назирмада Ализода
Посол Республики Таджикистан в КР Назирмада Ализода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ тажик тараптын чек арадагы кырдаалды курчутууга алып келген ачык-айкын деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерине тынчсыздануусун билдирген.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине КРдин жарандары менен аскерлерине гранатомёт, миномёт менен ок чыгарган окуя үчүн нааразычылык нотасы тапшырылды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

"Кечээ Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон чырга байланыштуу Тажикстандын КРдеги элчиси Назирмад Ализода чакырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Тажик дипломатына Кыргызстандын аскер кызматкерлерине жана жарандарына атайылап ок чыгарылгандыгы үчүн нааразычылык нотасы тапшырылган. Ок атуунун кесепетинен кыргызстандык үч жоокер жаракат алган.

Тышкы иштер министрлиги тажик аскерлеринин жана жарандарынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды курчутууга алып келген ачык-айкын деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерине тынчсыздануусун билдирди.

Баткендеги окуя

Директор ГКС КР Акрам Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
Баткенге вице-премьер Мадумаров менен дарыгерлер бригадасы учуп кетти
Эске сала кетсек, кечээ, 8-майда, кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.

Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0