10-май айрым маморгандар үчүн иш күн. Премьер-министрдин чечими

Жазылуу
Документте көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине ишке чыга турчу кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилген.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. 10-май айрым мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн иш күн. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Пандемиядан кийин кайсы тармакта айлык көтөрүлөт? Эксперттин пикири
Бул чечим өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө, экономикалык багыттагы иштерди жүзөгө ашыруу боюнча чараларды ыкчам кабыл алуу максатында кабыл алынды.

Документте көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине ишке чыга турчу кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилген.

Буга чейин 22-марттан 26-апрелге чейин мамлекеттик орган, мамлекеттик мекеме жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дем алышсыз иштээри тууралуу өкмөттүн буйругу чыккан. Бирок коронавирустан улам өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылгандыктан, маморгандар 2-3-4-май майрам күндөрү да иштешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0