"Кан болгон сүрөтүңдү кайра таап алдым". Фронттон келген катты барактап

© Sputnik / Георгий Зельма / Медиабанкка өтүүВеликая Отечественная Война
Великая Отечественная Война - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Улуу Жеңишке 75 жыл болот. 9-май — аалам элинин көпчүлүгү өх-хх... деген, кубанычтын, өкүнүчтүн жашы аккан Жеңиш күнү.

Бул датага чейин канча жоокердин каны төгүлдү, канчасы белгисиз калды. Ал эми Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушта 152 миңден ашуун жоокер каза болгон.

Бои за высоту на правом берегу Днепра - Sputnik Кыргызстан
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны
Sputnik Кыргызстан бул улуу датага арнап Кыргыз ССРинен апаатка аттанган жоокерлердин каттарын мамлекеттик архивден, эл арасынан чогултуп жарыялап баштады.

Бүгүнкү каттын автору ким экенин, Улуу Ата Мекендик согуштан кайткан же кайтпай калгандыгын билбейбиз.

Архивден фамилиясы көрсөтүлбөгөн, Галя аттуу айымга жазылган катты таптык. Каттын өзөгүндө бир салмактуулук, ар башта бир өлүм, бирок жеңиш Совет эли тарапта болот деген өзөк турат. Жоокер согушка жиберилген сүрөттү кайра, Кыргызстанга, Галяга салганы, майданда кыргыз жоокерлердин курман болгону, каармандыгы айтылыптыр.

Каттын орфографиясы ошол боюнча берилди.

Кат

© Фото / Нургуль МаксутоваАрхивден фамилиясы көрсөтүлбөгөн, Галя аттуу айымга жазылган катты таптык. Каттын өзөгүндө бир салмактуулук, ар башта бир өлүм, бирок жеңиш Совет эли тарапта болот деген өзөк турат.
Кан болгон сүрөтүңдү кайра таап алдым. Фронттон келген катты барактап - Sputnik Кыргызстан
Архивден фамилиясы көрсөтүлбөгөн, Галя аттуу айымга жазылган катты таптык. Каттын өзөгүндө бир салмактуулук, ар башта бир өлүм, бирок жеңиш Совет эли тарапта болот деген өзөк турат.

...Галочка сенин 4/II деги катыңды алып окудум. Мен болсо азырынча аман есен. Немистер менен согушуп жатам. "Кан көөкөрдө, баш канжыгада".

Менин мурунку катымды алгандырсын. Оморкул Егембердиев өлдү (өлгөнү анык болуп турат). Бирок кана сөөгү табылбай жатат. Башка дагы кыргыздын славный азаматтары бар. Ак жана Родина үчүн жакшы иштеп кеткендер.

Письмо участника ВОВ кыргызстанца Курманбека Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
"11 күн бою жалаң кызыл чокто болдум". Фронттон келген каттарды барактап
Галя! Сенин карточкаңды кайра жибердим. Сени көрсүн жана кокусунан мен болбой калсам, отечественная войнадан эстелик болсун деп. (Жоокер соңку сүйлөмдүн астын негедир сызып коюптур...)

Сенин карточкаңды кандай болгонун билбейм, жоготуп жибергем. Жакында өлгөн адамдардын документтерин текшерип отурсам, карточкаң (кан болуп) өлгөн, ордендүү бир кыргыз жигит – Алдикеевдин документтеринин арасынан чыкты. Ал адам Ташкөмүр районунан еле.

Вообщем ты уже была на войне на битве и эта карточка является интересной поэтому и высылаю.

Биздин аскерлердин наступлениелеринин натыйжасы жаман эмес. Башка айтар сөз жок. Кош, аман тур. Жду письмо. Целую крепко. Твой А..... (калган тамгаларды айрып окууга мүмкүн болбоду)

От меня знакомым привет.

3/III 43 

© Sputnik / Нургуль МаксутоваКыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушта 152 миңден ашуун жоокер каза болгон.
Кан болгон сүрөтүңдү кайра таап алдым. Фронттон келген катты барактап - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан Улуу Ата Мекендик согушта 152 миңден ашуун жоокер каза болгон.

Фронттон жазылган каттарды жарыялайбыз, бизге жибергиле

Sputnik Кыргызстан Кыргызстандын булуң-бурчуна ошол кезде фронттон жазылган каттар сакталып калса, алардын көчүрмөсүн редакцияга жиберишиңиздерди өтүнөт. Ошол мезгилдин добушун азыркыларга жеткирип, жарыялайбыз. Кат менен кошо ал адам туурасында маалымат тиркелиши керек. Сүрөтү болсо ашыктык кылбайт. Электрондук дарек: news@sputnik.kg, тел.: +996 (312) 986 933, 986 943

Жоокердин каттары КРдин Мамлекеттик архивинен алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0