Согуштан кайтпай калган маданият ишмерлери такталды. Эскерүү кербени

© Sputnik / Леонид Доренский / Медиабанкка өтүүВеликая Отечественная война. Битва под Москвой
Великая Отечественная война. Битва под Москвой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 54 акын-жазуучу, маданият кызматкерлери катышып, алардын 13ү кайтпай калган.

Жеңиштин 75 жылдыгына карата согушта курман болгон акын-жазуучулар, маданият ишмерлерине арналган "Эскерүү кербени — эс тутум жүрүшү" деп аталган иш-чара жүрүүдө. Бул тууралуу анын демилгечиси жана согушка катышкан маданият ишмерлерин иликтеп чыккан Памирбек Казыбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековПамирбек Казыбаев
Согуштан кайтпай калган маданият ишмерлери такталды. Эскерүү кербени - Sputnik Кыргызстан
Памирбек Казыбаев
"Согуш убагында айына бир жолу чыккан "Советтик Кыргызстан" деген журнал болгон. 1941-1945-жылга чейин 48 номери чыгыптыр. Ушул журналда көп жакшы материалдар бар. Муну бир жыйнак кылып чыгарып койсок жакшы болмок", — деди Казыбаев.

Анын айтымында, согуш талаасына Кыргызстандан жалпы 54 акын-жазуучу, маданий ишмер барып, алардын 13ү кайтпай калыптыр. Көпчүлүгү ар кандай орден-медалдар менен сыйланган. Булардын ичинен кыркка жакынына "Фашисттик Германияны жеңгени үчүн" деген атайын медаль ыйгарылган.

Великая Отечественная Война - Sputnik Кыргызстан
"Кан болгон сүрөтүңдү кайра таап алдым". Фронттон келген катты барактап
Фронтко катышкан жана кайтпай калган маданият ишмерлерин иликтөөгө Казыбаев он жылдан ашык убактысын короткон. Учурда китеп чыгарууга демөөрчүлөрдү издеп жаткан убагы.

Буга чейин фронтто курман болгон акын-жазуучулардан Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Жума Жамгырчиев, Жекшен Ашуубаев жана Кусейин Эсенкожоев айтылып жүргөн. Аттары такталгандар Абулжар Кусейинов, Сагынбай уулу Аманкул манасчы, Өмүркул Жетикашкаев, Дөөлөт Сулайманов жана журналисттер Федор Скорев, Борис Петров, Дмитрий Кононов, Владимир Григорьевдер болуп чыкты. Басымдуу бөлүгү басма сөз өкүлдөрү экен.

Согушта окко учкан манасчы

Казыбаевдин айтымында, согуштан кайтпай калган кыргызстандык маданият ишмерлеринин арасында бир манасчы бар. Атактуу Сагынбай манасчынын уулу Аманкул манасчы фронтто каза болгон. Ал 1939-жылы Москвада өткөн биринчи декадада "Манас" айтып, жаш манасчы катары алтын саат менен сыйланган. Ошол убакта Аманкул 17 жашта экен. Жаш манасчы 1942-жылы 19 жашында фронтто каза болгон.

Кан майданга аттанган журналисттер

Азыркы "Слово Кыргызстана" мурдагы "Советтик Кыргызстан" гезитинин орус улутундагы төрт журналисти фронттон кайтпай калган.

"Ошондой эле басма сөздөн "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакторунун орун басары Дөөлөт Сулайманов согушта командирдин саясий иштер боюнча орун басары болуптур. Майор наамына жеткен. Бул киши 1910-жылы Сокулук районунун Асылбаш айылында төрөлүп, 1945-жылы 35 жашында окко учуп жатат", — деди Казыбаев.

Андан тышкары "Ленинчил жаш" гезитинин редактору Абулжар Кусейинов фронтко кетип, 1943-жылы душмандын огунан каза табат. Ал акын Алыкул Осмонов менен бирге окуган теңтушу эле.

Радио тармагында иштеген Шаршеке Ысматов да согушка катышып, аман-эсен кайтып келген.

Фронтто кан кечкен маданият кызматкери

Казыбаевдин айтымында, согуш башталганда филармониянын директору болуп турган Өмүркул Жетикашкаев 1942-жылы фронтко кетип, 1943-жылы окко учкан. Бул кишинин туягы "Бакайдын жайыты" тасмасынын сценарийин жазган сценарист, драматург Кадыркул Өмүркулов болот.

Согуш талаасындагы эрдик көрсөткөн айымдар

Гапар Айтиев музейинде иштеген Тамара Мусаева согушка барганда аялдардан айырмаланып, өзгөчөлөнгөн артиллерияда кызмат өтөп, батыш фронтто эмес, чыгыш фронтто болгон. Ал Японияга чейин барып келгендердин ичинде экен. Бир катар сыйлыктар менен сыйланган.

Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян - Sputnik Кыргызстан
Дарыя жоокерлерибиздин сөөгүнө толуп калган. Согуш жөнүндөгү үрөй учурган он баян
Медицина илими боюнча сабак берип жүрүп өмүрү өткөн Рафа Айдарбекова да фронтто медицина кызматынын капитаны болгон.

Канипа Исмаилова Москвадан Искусство институтун бүтүп келип, согуш талаасына концерттик бөлүм менен барып ошол жакта калып калат. Ал медайым болуп иштеп, согуш талаасында жарадар болуп калган аскерлерди алып чыгып эрдик көрсөткөн. Ал убакта медайымдарга тийиштүү китеби болчу экен. Ошол документте Исмаилова 500дөй жоокерди кан күйгөн согуш талаасынан алып чыкканы белгиленген. Демек, бул 500 адамдын өмүрүн сактап калды дегенди билдирет. Ал "Кызыл Жылдыз" ордени менен сыйланган. Өзгөчө эрдиги үчүн СССРдин атайын Ардак грамотасын алыптыр.

Сүрөтчүлөр

Фронтко Гапар Айтиев, Анатолий Арефьев, Асанбек Молдокматов баштаган он алты сүрөтчү катышкан. Алардын ичинен кино сүрөтчүсү, китеп сүрөтчүсү да бар. Бардыгы тең согуштан аман-эсен келген. Гапар Айтиев менен Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы сүрөтчүсү Анатолий Арефьев согуштан келгенден кийин СССРдин эл сүрөтчүсү наамын алышкан.

Согушка чакырылган акын-жазуучулар

"Ленинчил жашта" Шаршенбай Кулов деген аксакал иштеген. Ал да согушка чакырылып, качып кеткен тыңчыларды иликтеген өзгөчө бөлүмдө кызмат өтөптүр. Бул киши кийин согуштан аман-эсен келип, ИИМде иштеп жүрүп, полковник даражасында пенсияга чыккан. Өмүр бою калемин колунан түшүрбөй ыр жаза коюп жүрчү экен. Бул Феликс Куловдун атасы эле.

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандыктар тууралуу кызыктуу 10 факт - Sputnik Кыргызстан
Фашисттер кыргыздын чебер аткычын жок кылышкан. Согуш тууралуу 10 факт
Ал эми "Экран" журналынын башкы редактору Досой Кадыров согушта немистердин колуна түшүп, кийин качып чыгып "Каршылык" кыймылындагы француз партизандары менен аралашып кетет. Мекенине кайтканда "чыккынчылык кылган" деген айып менен соттолуп, 10 жылга камалып чыгат. Ал Франциядан Элеонора Бертран аттуу француз кызын ээрчите келген экен. Досой агай камалып кеткенде Элеонора апабыз он жыл күткөн. Кийин Францияга барганда туугандары кайра жибербей коюшат. Досой Кадыров абактан чыккандан кийин үйлөнбөй, жалгыз өткөн экен.

Жазуучулардан Узакбай Абдукаимов жана сатирик-акын Мукамбеткалый Турсуналиев Япония жана Германияны жеңгени үчүн да медалдар менен сыйланган.

Кыргызстандан Советтер Союзунун Баатыры болгон 76 кишинин 13ү кыргыз. Алардын ичинен сегизи курман болуп, бешөө келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0