Бишкекте Улуу Жеңишке арналган майрамдык салют атылды. Видео

Жазылуу
Майрамдык салютту Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен уюштурган.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Борбор калаада Жеңиштин 75 жылдыгына арналган майрамдык салют атылды.

Фейерверктин видеосу "Бишкек сегодня" Telegram-каналына жарыяланды.

Эске салсак, пандемияга байланыштуу карантиндик чектөөлөрдөн улам көчөгө эч ким чыгып массалык түрдө майрамдаган жок. Бирок бийлик өкүлдөрү ардагерлерди үйлөрүнө барып оркестрдин коштоосу менен куттукташты.

Бои за высоту на правом берегу Днепра - Sputnik Кыргызстан
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны
Мэрия билдиргендей, майрамдык салютту Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен уюштурган.

Фейерверк "Жеңиш" аянтында атылды. Жеринде милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турган.

Майрамга деп бөлүнгөн 2,5 миллион сом калаанын башка керектөөлөрүнө жумшаларын буга чейин мэриянын маалымат кызматы айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0