Медициналык кызматкер коопсуз костюмчан блокпостто жумуш учурунда. Архив

Өлкөдө COVID-19 жуккандардын саны азайбай... Абал боюнча тексттик баяндама

5476
(жаңыланган 15:46 10.05.2020)
Кыргызстан коронавирус менен күрөшүн улантууда. Соңку күндөрү бир суткада COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 25-30дун тегерегинде чыгууда.

Кечээги маалыматтар боюнча, оору менен 906 адам катталды. Коронавируска чалдыккандардын арасында медиктер көп.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Жаңы билдирүү
  • 15:46

    Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын жарандары келди

  • 15:42

    Эртеңден тарта төмөнкү жайлар иштеп баштайт. Тизме

     Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:
    • микрофинансылык уюмдар;
    • камсыздандыруу компаниялары;
    • ломбард;
    • акча алмаштыруу пункттары;
    • кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
    • туристтик агенттиктер;
    • адвокаттык кызматтар;
    • басма кызматтары.

     Калкты тейлөө кызматтарынан:
    • сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
    • тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;
    • химтазалоо.

     Соода чөйрөсүнөн:
    • курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
    • автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;
    • тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;
    • автосалондор – авторыноктордон сырткары.

     Массалык маалымат каражаттары.

  • 15:36

    Бишкекте троллейбус, автобус жана кичи автобустарга азырынча уруксат жок.

    "Алар ооруну таратуучу, жуктуруп алууга ылайыктуу жер катары каралууда. Андыктан,троллейбус, автобустар иштебейт. Ал эми таксилер кооптуулукту сактап иштеп турат", - деди Боронов.

  • 15:33

    Ахыбал турукташмайынча Бишкекте автобус, тролейбус жүрбөйт

  • 15:27

    Ош шаарында коомдук транспорт азырынча иштебейт

  • 15:23

    Карантинде Бишкекке кирүү тартиби кандай болот?

    “Ал жерлерде санитардык-карантиндик посттор коюлат, өтүү эрежелери болот. Бишкектин тегерегиндеги конуштарда, Чүй облусунда жашап, бирок бул жерде иштегендер жумушунан атайын кагаз алышы керек”, - деди Боронов.

  • 15:17

    11-майдан тарта Бишкек, Ош шаарында, Ат-Башы жана Чаткалдын Каныш-Кыя аймактарында карантин киргизилет.

  • 15:16

    28 миңден ашуун киши үй карантинде отурат

  • 15:13

    КРдин биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун брифинги башталды

  • 13:50

    Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

     

    Медсотрудник проверяет температуру водителя на санитарно-карантинном блокпосту на въезде в город Бишкек

    Эпидемиологиялык абал оор! Бир катар аймактарга карантин киргизилмей болду

    Муну менен катар өзгөчө абал режими аяктаган соң коменданттык саат алынып салынары айтылды. Бирок бир катар шаарлар менен аймактарга карантин киргизилет.
    Дагы
  • 13:46

    Балким, COVID-19 менен күнүгө бет келип жүрүшөт. Үйлөрдү кыдырып, анализ алган медиктердин видеосу

  • 13:17

    Коронавирус жуктургандар боюнча жалпы маалымат

  • 13:07

    “Президент Улуттук банктын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 2,5 млрд. сом өлчөмүндө 100% кирешесин мамлекеттик бюджетти колдоого жөнөтүүнү тапшырды. Алардын ичинен 10%ы өлкөнүн каржы секторун колдоого резервдөөгө жумшалат”, - деп белгиледи Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

  • 10:24

    Обсервацияда жүрүү эрежелерин бузуп, качып кетүү учурлары да катталды. ВИДЕО

  • 10:23

    Үсөнбаев: Соль-Илецктен алып келингендердин ичинен медиктер менен урушуп, чатак салгандар болууда. Милиция чакырдык

    “Соль-Илецктен алып келип, Семетей обсервациясында жаткыргандан кийин,  тартип сактабай,  медиктерге жаман сөз айтып, жөөлөгөн учурлар болду. Ушунча алып келингенден кийин бизди угуп обсервацияда жатып турса болмок. Ал жерден качып кеткенге аракет кылышты. Айла жок, милицияга кайрылдык. Аларды бир топ акча коротуп, башкалар менен сүйлөшүп жатып, алып келдик да.  Түшүнүү менен карашса болмок. Алардын да ата-энелери, туугандары бар. Аларга да жугуп калышы толук мүмкүн”, - деди Үсөнбаев.

     

  • 10:10

    Соль-Илецк шаарынан алып келингендердин арасынан жалпысынан 55 кишиден коронавирус чыкты

  • 10:10

    Оор абалда 9 киши жатат, алардын ичинен 4 киши реанимацияда

  • 10:10

    Стационарда 260 киши жатат

  • 10:09

    Мециналык бир кызматкерден оору чыкты

  • 10:07

    Өткөн суткада дагы 71 кишиден коронавирус чыкты

  • 10:06

    Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалымат жыйыны башталды

live
Өлкөдө COVID-19 жуккандардын саны азайбай... Абал боюнча тексттик баяндама
+
5476
Белгилер:
медик, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1476)
Тема боюнча
Коронавирус аныкталып көз жумган алгачкы кыргызстандыктын сөөгү изилденип бүттү