Акыркы суткада 17 киши коронавирусту жеңип чыкты

© AFP / PIERO CRUCIATTIОоруканадагы дарыгерлер сүйүнүп турат. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер сүйүнүп турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча бүгүнкүгө чейин жалпы 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми акыркы суткада 17 киши коронавирусту жеңе алды.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бир сутка ичинде 17 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

“Бишкекте – 7, Ош шаарында — 5, Нарын облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 1”, — деди Үсөнбаев.

Республика боюнча бүгүнкүгө чейин жалпы 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0