COVID-19: тогуз кишинин абалы оор, төртөө реанимацияда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДарыгер жана бейтап ооруканадагы реанимация бөлүмүндө. Архив
Дарыгер жана бейтап ооруканадагы реанимация бөлүмүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган 1002 учур катталды. Ооруканадан сакайып чыккандардын саны – 675, каза болгондор — 12.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Ушул тапта коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен тогузунун абалы оор, төртөө реанимацияда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

"Стационарда 260 киши жатат. Алардын ичинен тогуз кишинин абалы оор. Калгандарыныкы орточо оор жана канааттандырарлык деп бааланууда", — деди Үсөнбаев.

Ооруканадан сакайып чыккандардын саны – 675, каза болгондор — 12.

10-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алган 1002 учур катталды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0