Өзгөчө кырдаал сакталсын! Жээнбеков премьер менен төраганы кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иштер күчөтүлгөн тартипте улантылышы керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 10-май – Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Алар коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча учурдагы кырдаал, өлкөнүн ишкерлик активдүүлүгүн жандандыруу боюнча чаралар, постпандемия мезгилине карата артыкчылыктуу милдеттер жөнүндө пикир алмашышкан.

"Элдин мындан ары дагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кармануусу жана өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган мамлекеттик органдар тарабынан экономикалык кесепеттерди жеңип чыгуу, илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иштер күчөтүлгөн тартипте улантылышы керектигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0