Министрлик: COVID-19 боюнча абал курч, элди сак болууга чакырабыз

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык борбордун кызматкерлери жумуш учурунда. Архив
Медициналык борбордун кызматкерлери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, 1-майдан бери ишмердүүлүгүн баштаган мекемелер тыкыр текшерилип жатат жана арасында талаптарды сактабагандар табылууда.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда коронавирус боюнча абал дагы деле курч бойдон калып жатканын айтып, элди тартипти бекем сактоого чакырды.

"1-майдан бери ишмердүүлүгүн баштаган мекемелерди тыкыр текшерип жатабыз. Арасында айтылган талаптарды сактабагандар бар. Аларга тиешелүү органдар тарабынан чаралар көрүлүп жатат. Айта кетерим учурда абал дагы деле курч бойдон калууда. Эпидемиологиялык абал турукташканга чейин баарыңыздарды тартипти сактап, сак болууга чакырам", — деди Үсөнбаев.

Ооруканадагы дарыгерлер сүйүнүп турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыркы суткада 17 киши коронавирусту жеңип чыкты
Эске салсак, акыркы суткада дагы 71 адамдан коронавирус табылды. Алардын ичинен 16сы өлкө аймагында жүрүп жуктургандар болсо, 55и Соль-Илецкиден келгендер. 10-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун учуру 1002ге жетти. Ооруканадан сакайып чыккандардын саны – 675, каза болгондор — 12.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0