Ар бир кардарга өзүнчө мамиле кылгыла. Жээнбеков Абдыгуловду кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков ар бир кардарга өзүнчө мамиле кылуу менен коммерциялык банктардын насыяларды кайра түзүмдөштүрүү процессине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, аталган тармактын коронавирус пандемиясы учурундагы иштерин талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызская валюта. - Sputnik Кыргызстан
Жан кейиткен кредит: элге жардам берем деп банктар банкрот болбойбу
Түзүлгөн кырдаалда банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун жана коопсуздугун, стабилдүү макроэкономикалык кырдаалды камсыз кылуу боюнча чаралар туурасында сөз болду.

Жээнбеков өлкөдөгү финансылык-банктык системанынын туруктуулугун, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо зарылдыгын белгилеген.

Коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепеттеринин таасири тийген экономика чөйрөлөрүн, ишкерлик субъектилерди жана калкты колдоо зарылдыгын айткан.

"Улуттук банк (УБ) башка чаралар менен катар финансы-кредиттик уюмдарга займчыларга насыя төлөмдөрүн төлөөсүн үч айдан кем эмес мөөнөткө жылдырууну сунуштаган. Кредиттерин кечигип төлөөсү үчүн айып салууга жана үстөк акча алууга, кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууда комиссиялык төлөмдөргө тыюу салынганы белгиленди ", - деп айтылат маалыматта.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Карабаева: эл насыяны баары бир төлөө керектигин унутпашы керек
УБ төрагасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө коммерциялык банктар тарабынан займчыларга жеңилдиктерди берүүнүн алкагында жалпы суммасы 58,1 млрд. сомдук 90 151 насыя кайра түзүмдөштүрүлгөн.

Жээнбеков ар бир кардарга өзүнчө мамиле кылуу менен коммерциялык банктардын насыяларды кайра түзүмдөштүрүү процессине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

Кыргызстан Сооронбай Жээнбеков Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк экономика коммерциялык банк насыя

Жаңылыктар түрмөгү
0