Кыз шаарда бара жатат. Архив

"Каматабыз" деп коркуткан. Мигрант келинге боор ооруган полициянын ак жарыгы

1091
(жаңыланган 16:51 03.06.2020)
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Бул ирет Sputnik агенттигинин "Ак жарык" рубрикасына Россияда мигрант болуп жүргөн келиндин полиция кызматкерине болгон ыраазычылык каты жарыяланат.

...Мен азыр Россиянын Санкт-Петербург шаарында жолдошум менен мигрант катары иштеп жүрөм. Кыргызстандан кеткенибизге беш жыл болду. Бирөөнүн элинде, жеринде ар кандай окуялар баштан өтөт экен.

Бирок мага да кол сунган адамдар болду. Ошондой окуялардын бири менен бөлүшкүм келет. Алгач окуяны баштан-аяк айтып берейин. Бир эсе менин баяным кай бир мигранттарга сабак болор.

Алгач тамактануучу жайдын кассасында иштечүмүн. Кийинчерээк кафенин ээси славян тектүү адамдарды гана алабыз дегенинен кетүүгө тура келди.

Андан кийин башка ресторанга бир жылдык келишим менен улук кызматкер болуп жумушка кирип калдым. Алгач баары жакшы башталды, жан дилим менен иштеп жумушумду так аткарып, менеджердин жумушуна чейин жасап жүрдүм. Анткени анын түшкө чейин университетте окуусу бар болчу.

Мен барганда Ильяз деген кыргыз бала иштечү экен, ал жумуштан кетерде 20 миң рубль айлыгын бербей коюшту. Ал да унчукпай эле кетип калды. Мен да кирише алган жокмун.

Менеджерге жардам берүү менен кассадагы иштерди да аткарып, кызматкерлерди да тейлеп, баарын көзөмөлдөп, күнүнө түшкөн акчаны эсептеп, башкаруучулар жокто сейфке салып койчумун. Бул да милдетиме кирчү. Сейфтин бир ачкычын мага беришкен. Бардык жакта камералар иштеп турат. Көзөмөл күч.

Ресторанда төрт-беш ай иштегенден кийин жетекчиликтин мага мамилеси өзгөрүп, эки менеджердин тең жумушун жасатып, ашыкча милдет жүктөй баштады. Өз жумушумду эле аткарышым керек экендигин айтып, мен да укугумду талашып, принципке туруп каршы болдум.

Ошол убактарда жаңы келген жөнөкөй кызматкерлер бир нерсени сындырып же туура эмес жасап алса, кеткен чыгымдын баарын менин мойнума айып пул катары жаза башташты. Мурда мындай эмес болчу. Ар ким өзү жооп берчү.

"Жок, мен төлөй албайм. Эмнеге бирөөнүн катасы үчүн акча төлөшүм керек. Эгер минте берсеңер айлыгымды бергиле, кетем", - деп мен да көгөрүп туруп алдым. Ушундан улам жетекчилик менен уруша кетип, менеджер менен башкаруучу экөөлөп мени коркута баштады.

"Эгер кете турган болсоң, ала турган маянаңдан бир тыйын карматпайбыз. Сейфтин бир ачкычы сенде болчу. Камералар өчүп калганда акча уурдаган деген арыз менен бир заматта эле түрмөгө отургузуп коёбуз", — деп опузага алышты.

Айла жок, унчуга албай калдым. Биз урушуп баштаганда диктофонумду күйгүзүп койбой деп ичимен өкүндүм. Камерадагы жазууну өчүрүп, арыз жазып туруп отургузуп коюшу толук мүмкүн эле. Анткени бөтөн жерде мага ким ишенет? Мени ким тааныйт? Анын үстүнө бул жактан далай тагдырларды көрдүм.

Бирок акчаны албай да кете албайт элем. Батирдин акчасын төлөп, жумуш таап, маяна алгыча чыдашым керек да. Акыры 15 күн бекер иштеп берип, айлыгымды алууга макулдаштым. Ал күндөр деле өттү. Дагы деле ар кайсы шылтоо менен акчамды беришкен жок. Ошентип дагы он күн футболдун тобундай ары-бери тепкилендим.

"Кафеден чыктым деп арызыңды жазып келсең, анан беребиз" деп алдашканына көнгөн жокмун. Себеби жумуштан кетүүгө арыз жазсам эле "бул акчасын алган, догурунуп жатат" деп такыр бербей коюшмак. Мага чейин катардагы канча кызматкердин акчасын ошентип бербей коюшуп, менеджерлер өз чөнтөгүнө салып койгонун көрчүмүн.

Иши кылып акыркы барганымда мени тоготуп да коюшкан жок, басып кетишти.

Кычыраган кыш эле. Эшик суук. Сыртка чыгып "эмне кылсам" деп туруп ачуум менен дароо 102ге чалдым. Диспетчерге абалымды түшүндүрсөм, аял киши экен "азыр патруль барат, күтүп туруңуз" деди. Жарым сааттан ашык эшикте туруп тоңуп калдым. Жолдошумдун да жумушу токтоп калган. Кыргызстандагы кызымды эстедим. Темселеп суук шаарда кайырчыдай түрткүлөнүп, иштеген акчамды ала албай жатканыма ызаландым. Көзүмдүн жашын улам сүртүп, аялдамада турдум. Анан эле карасам, полициянын машинасы келип токтоп, ичиндеги экөө ресторанды көздөй басышты. Артынан чуркап барып аларды ресторандын оозунан токтотуп калдым.

"Силерди мен чакыргам. Кыргызстандын жаранымын. Акчамды бербей жатышат. Буга чейин бир топ кызматкерлердин акчасын ушинтип бербей, менеджерлер өз чөнтөгүнө салып койчу. Ошол кызматкерлердин баарын чогултуп үстүңөрдөн мен да арыз жазам, акчаны бергиле десем, "сейфтен акча уурдаган деген жалаа менен түрмөгө отургузабыз" деп коркутуп жатышат", — деп абалымды энтигип түшүндүрүп жаттым.

Эки полицейдин бирөө "жүрүңүз" деп ичкери киргизди. Алар менеджерлерди чакырып, сурамжылоо башталды. Полиция келгенде кызматкерлер тияк-биякка чалып, тызылдап эле калышты. Ал тургай мени тоготпой жаткан менеджер, администратор, башкаруучунун апкаарып турганы билинип турду. Өзгөчө мени коркуткан улук менеджер кызарып-татарып жаман болду.

"Жок, андай болгон эмес" деп танып, полицейлерди алдап, мага көө жаап киргенде кайрадан баарын баштан-аяк айтып, "сиз арыз жазам" деп коркуткансыз деп бетине коюп бердим.

Полициянын бири мага жан тартып, абалымды түшүнүп, тигилерди аябай коркутуп койду. Документтеримди да алып берди.

Анан мага бир катар кагаз толтуртумуш болгон ошол укук коргоо кызматкери кетип жатып эшикке чыкканда мага дарегин, телефонун таштады.

"Биз сиздин абалыңызды түшүнүп эле буларды коркутуп койдук. Болбосо 4-5 айлап берилбей жаткан маяналарды гана карайбыз. Сиз Эмгек инспекциясына кайрылышыңыз керек болчу. Азыр акчаңызды санап берет. Эгер бербесе мага чалыңыз, мен сизди инспекцияга жөнөтүп маянаңызды алышыңызга көмөк көрсөтөм", - деп кетти. Мен да кадимкидей шерденип, абалымды сураарым бардай кубанып калдым.

Ошентип маянамды санатып толук 40 миң рубль алгам.

Мага жан тарткан боорукер полиция кызматкерине ыраазымын. Болбосо документимди бербей же каматып салышса деле тагдырым эмне болмок?

Айтарым, мигранттар да барган мамлекетинин мыйзамын билүүсү керек. Болбосо кыйналып калат. Бир жумушка кирип, ал жактан айлыгын ала албай экинчисине кирип, андан да куру жалак талаада калган мекендештер дүйнөнүн ар бурчунда көп эле болсо керек.

Ошол окуя мага сабак болду. Ыраазымын сизге, боорукер адам!

1091
Белгилер:
менеджер, акча, полиция, Санкт-Петербург, Россия
Тема:
Ак жарык (26)
Тема боюнча
Жездем алып берген туфли багымды ачты. Туңгуюкта калган балдыздын ыраазычылыгы
Арча-Бешик конушуна асмандан көрүнүш. Архивдик сүрөт

Шаршембиге карата аба ырайы

78
2-декабрга караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 2-декабрь, шаршембиде, күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -1…+4, Талас жергесинде 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Ысык-Көлдө жана Нарында 0…+5 градусту түзөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо 0…+2, Ош шаарында +7…+9 градус жылыйт.

78
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот учурунда. Архивдик сүрөт

Атамбаевге экс-президент макамы кайтарылабы? Адистердин пикири

770
(жаңыланган 19:02 01.12.2020)
Депутат, юрист жана саясий серепчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгып, экс-мамлекет башчы макамын кайтара алабы деген суроонун тегерегинде ой толгошту.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча өкүмдү жокко чыгарганын, мурдагы өлкө башчынын эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин жар салды.

Мындан улам окуя ушундай нукта өнүксө, Атамбаевге экс-президент макамын кайтарып берүү маселеси көтөрүлүшү мүмкүнбү деген суроо жаралды. Бул тууралуу сеперчилердин оюн уктук.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, мурдагы президенттин кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, эркиндикке чыгуусуна эки себеп бар. 

Политолог Марс Сариев во время видеомоста в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Саясат таануучу Марс Сариев
"Биринчиден, учурдагы саясий кырдаалда Атамбаевдин бошотулушу керек болуп турат. Экинчиден, алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Азыркы бийликке кырдаалдын курчуп кетиши, Атамбаевдин электораты тараптан оппозициялык маанайдагы аракеттердин кереги жок. Башкача айтканда, аны бошотуу — өлкөдө туруктуулукту орнотууга кадам катары саналат", — деди Сариев.

Саясий серепчи Эмил Жураев дагы Атамбаевге байланыштуу бул жагдайдын саясий мааниси бар экенин айтат. 

"Учурда саясий боёктору бар деп айтылган айрым чуулгандуу кылмыш иштери кайрадан артка кайтарылып жатат. Алмазбек Атамбаевдин иши дагы алардын катарында, анын саясий мааниси бар экенин жокко чыгара албайбыз", — деди Жураев.

Анын пикиринде, эгер Атамбаевдин буга чейинки кылмыш иштери, соттук чечимдер токтотула турган болсо, экс-президент макамын кайтарып берүү маселеси турушу мүмкүн.

Ал эми депутат жана юрист Дастан Бекешев азырынча Атамбаевге экс-президент макамын кайтаруу тууралуу маселени көтөрүүгө эрте деген пикирде. 

Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Депутат жана юрист Дастан Бекешев
"Алмазбек Атамбаевге экс-президент макамын кайтарып берүү боюнча сөз кылууга эртерээк. Себеби соттук иштер дагы алдыда. Анын үстүнө Жогорку соттун коллегиясынын акыркы, расмий чечимин көрүшүбүз керек", — деди депутат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев Атамбаев азырынча актала электигине токтолду. 

Заслуженный юрист КР, член ЦИК и советник министра образования Кайрат Осмоналиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев
"Азыр көпчүлүк резонанстуу иштерди кайрадан соттун кароосуна жиберип коюп жатышат. Ал жакта иш башынан каралып, тиешелүү процедуралар өтүшү керек. Эгер алар Атамбаевди толугу менен актай турган болсо, ошондо гана макамын кайтаруу тууралуу айтса болот", — деди Осмоналиев.

Ошондой эле ал Атамбаевди макамынан ажыратуу башынан эле мыйзамсыз чечим болгонун кошумчалады.

"Мен Атамбаевди коргобойм, тарапташы эмесмин. Бирок мыйзамдын так аткарылышына кызыкдармын. Кол тийбестигинен, экс-макамынан ажыратуу мыйзам жагынан туура эмес болчу. Ошол кезде бул тууралуу көп айткан элем. Бирок бул кылганы үчүн Жогорку Кеңеш дагы, Башкы прокуратура дагы жоопко тартылган жок. Эгер Атамбаев акталып калса, Жогорку Кеңеш катасын мойнуна алып, экс-президент макамын кайтарып берүүсү керек. Бул укуктук өлкөдө кадыресе көрүнүш", — деди юрист.

Эске салсак, Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевди беш кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деген бүтүм чыгарып, анын негизинде Жогорку Кеңеш экс-президент макамынан ажыраткан.

Ал эми бүгүн Жогорку соттун маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Фемида өкүлдөрү Атамбаевге карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, райондук сотко кайра башынан кароого жөнөтүлгөнүн эскертти.

770
Белгилер:
макам, чечим, Жогорку сот, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Жогорку сот Атамбаевге Батукаевдин иши боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Видео
Сот Атамбаевдин үч иши эмне себептен бириктирилгенин түшүндүрүп берди
Кыргыз-кытай чек арасындагы Эркечтам өткөрүү пункту. Архив

Кытай 3-декабрдан тарта Кыргызстанга көбүрөөк жүк ташууга уруксат берди

59
(жаңыланган 22:55 01.12.2020)
Кытай эртеңден баштап жүк ташыган автоунаалардын санын болжол менен суткасына 30га чейин көбөйтүүгө даяр. Каттамдар күн сайын жүргүзүлүп турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң Эркечтам жана Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду

Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган. Анын жыйынтыгы менен кытай тарап жумуш убактысын 8ден 12 саатка чейин көбөйтүү, ошондой эле өткөрмө пунктун дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштаган.

"Жүк ташыган автоунаалардын саны болжол менен суткасына 30га көбөйөт. Элчи "Эркечтам" өткөрмө пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгын кабарлады", — деп айтылат маалыматта.

Новиков маселе ыкчам чечилгени үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз өкмөтү кытай тараптын көзөмөл-өткөрүү пунктуларын жакшыртуу максатында кабыл алынып жаткан бардык аракеттерин колдоого алууга даяр экендигин белгилеген.

Жыйынтыгында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына өткөрмө бекеттерди кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

59
Белгилер:
автоунаа, пункт, өткөрмө, Кыргызстан, Кытай
Тема боюнча
Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрмө бекети убактылуу жабылды
Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды