Эпидемиологиялык абал оор! Бир катар аймактарга карантин киргизилмей болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМедициналык кызматкер тепловизор менен айдоочунун температурасын текшерип жатат. Архив
Медициналык кызматкер тепловизор менен айдоочунун температурасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муну менен катар өзгөчө абал режими аяктаган соң коменданттык саат алынып салынары айтылды. Бирок бир катар шаарлар менен аймактарга карантин киргизилет.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Белгилей кетсек, эртең, 11-майда, Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими аяктап, өзгөчө кырдаал режими уланмай болду
Муну менен катар өзгөчө абал режими аяктаган соң коменданттык саат алынып салынары айтылды. Бирок Бишкек жана Ош шаарларына, Нарын облусунун Ат-Башы районуна жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин киргизилет.

Өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаал режиминин айырмасын Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0