Кыргыз-тажик чегинде ок тийген аскерлер Бишкекке алып келинди. Азыркы абалдары

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТез жардам унаасы жумуш учурунда. Архив
Тез жардам унаасы жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткендеги чек арада ок тийип жаракат алган үч аскердин бирөө анестезиология жана реанимация бөлүмүнө жаткырылды.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон аскерлер Бишкекке алып келинип Улуттук госпиталга жаткырылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Алар буга чейин Баткен облустук бириккен ооруканасында дарыланып жаткан. Бүгүн, 10-майда, үч аскер тең атайын борт менен борбор калаага алып келинди.

Алардын учурдагы абалы:

Рабочая поездка вице-премьера Акрама Мадумарова в рамках в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан
Катарга кошуп бериңиздер! Чек ара башчысы ок жеген жоокерлерден кабар алды
Жабырлануучу С.у.М. 1994-жылы туулган. Диагнозу: көкүрөк туштагы омурткага, ичине жана жамбаш сөөктөрүнө ок тийген. Анестезиология жана реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Абалы туруктуу оор деп бааланууда. Буга чейин операция жасалган.

Жабырлануучулар А.у.М. 1995-жылы жана Т. у.Ч 1996-жылы туулган. Экөөнүн тең диагнозу: көкүрөгүнө ок тийип, операция жасалган. Хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Абалдары салыштырмалуу туруктуу деп айтылды.

Азыркы тапта саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, профессор Миталип Мамытов жана башка адистер консилиум өткөрүп жатышат. Анын жыйынтыгында мындан аркы дарылоо жолдору аныкталат.

Баткендеги окуя

8-майда кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.

Мобилизациялык окууларда Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы: тараптар кошумча күчтөрүн чыгарып кетүүнү макулдашты
Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы, бир жай тургун жаракат алган.

Окуя боюнча эки өлкөнүн ТИМ башчылары, вице-премьерлери, облустагы өкүлдөрү, Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүп, бир пикирге келишкен. Учурда дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Кырдаалга байланыштуу Кыргызстан тышкы иштер министри тажик тарапка нааразычылык нотасын тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0