Ситуация в Бишкеке в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан

Өзгөчө кырдаалда жашап жаткан Кыргызстан. Учурдагы абал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
Бүгүн айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими токтоп, өзгөчө кырдаал тартиби уланып жатат. Бишкек, Ош шаарлары менен Ат-Башы районунда карантин бар.

Тилекке каршы, коронавирус аныкталган жаңы учурлар азайбай жатат. Бүгүн айрым мекеме-кызматтар ишке киргени менен буга чейин айтылган коомдук транспорттун иштөөсүнө кайрадан тыюу салынды.

Учурда өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билип, сүрөт, видеолорду көрсөңүз болот.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:07 11.05.2020
17:48 11.05.2020

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөртүлдү.

Атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия окуучунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат.

Эгерде окуучу же ата-энеси коюлган баага макул эмес болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат.
Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мындай чечимди, биринчи кезекте, окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө ЖРТга көбүрөөк убакыт бөлүп, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды

17:21 11.05.2020
17:05 11.05.2020
16:57 11.05.2020
  • Калкты тейлөө борборлору
  • калкты тиричилик тейлөө чөйрөлөрү (бут кийим оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо)
  • соода-сатык чөйрөсү (соода борборлору, кийич-кече базарлары жана дүкөндөрү, автоунаа базарлары)
  • жеке репетиторлордун кызматтары
  • жеке үй-бүлөлүк мончолор жана СПА-борборлордун кызматтары
  • коомдук транспорт
  • спорттук залдар.
16:53 11.05.2020

1. «Азамат» унаа базары – Айланма жол;
2. Айланма жол/ «Фрунзе» чарбысы;
3. Васильевский тракт/ Айланма жол («Ак-Жол»);
4. Пригородное а. – Айланма жол;
5. Айланма жол – Маевка а. (тегеренме жол);
6. Айланма жол – Тендик калктуу конушу;
7. Айланма жол – Киргизия көч. (Ала-Арча);
8. Айланма жол – Келечек калктуу конушу;
9. Айланма жол – Дордой;
10. Айланма жол – Ибраимов көч;
11. Айланма жол – Алма-Ата көч.;
12. Айланма жол – ГЭС-5 (тегеренме жол);
13. Жибек Жолу проспектиси – Киргшелк;
14. Кара-Жыгач жана Сары-Жон айылдарынын ортосундагы жол;
15. Горная Маевка а. жолу
16. Кызыл-Туу жана Маловодное айылдарынын ортосундагы жол.

16:51 11.05.2020

Ал эми 272 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен башка жактан келгендер 37 болсо, жергиликтүү тургундар 235 болду. Булардын арасында 79 медик, 56 ИИМ кызматкери бар.

“Вирустун симптомдору байкалса, 118 номерине телефон аркылуу кайрылууну суранабыз. Шаарда медиктердин жана санитардык врачтардын 40 мобилдик тобу иштейт. Алар чакыруу боюнча барып, анализ алышат”, — деди Суракматов.


 

14:36 11.05.2020

Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 4 млн 103 миӊ 241 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 282 миӊ 727 адам каза болду.

Бул маалыматтарды Республикалык штаб даярдап, таратты

 

 АКШ – 1 329 799  (каза тапкандар – 79 528)

 Испания – 224 350  (каза тапкандар – 26 621)

 Улуу Британия – 220 449  (каза тапкандар – 31 930)

 Италия – 219 070  (каза тапкандар – 30 560)

 Россия – 209 688  (каза тапкандар – 1 915)

 Франция – 177 094  (каза тапкандар – 26 383)

 Германия – 171 879  (каза тапкандар – 7 569)

 Бразилия – 162 699  (каза тапкандар – 11 123)

 Түркия – 138 657  (каза тапкандар – 3 786)

 Иран – 107 603  (каза тапкандар – 6 640)

 

13:56 11.05.2020

Жакында эле Ноокаттын тургундары саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаевдин жана Ош коменданты Малик Нурдиновдун онлайн-брифинги учурунда Ноокат райондук ооруканасында он күн бою медициналык калдыктар өрттөлүп, аймак күйүк жыттанып турганын айтып даттанышкан.

 

Контейнеры для использованных одноразовых масок установили в Иркутске - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда пандемия маалында медициналык калдыктарды эмне кылышат?
13:50 11.05.2020
13:01 11.05.2020
12:29 11.05.2020

"Карантин деп эле үйдө кыймылсыз жата берген туура эмес. Үй шартында да активдүү жашоо образын улантууга болот. Ал үчүн бийлеп, йога жана гимнастика менен машыгып туруу жетиштүү. Кандай гана кырдаал болбосун, өз ден соолугуңузга кам көрүп, гигиена эрежелерин сактоону унутпаңыз", - деп кайрылган. 

Архивдик бул видео Саламаттыкты сактоо министрлигинин Facebook социалдык тармагындагы расмий баракчасына жайгаштырылган. 

12:24 11.05.2020
11:33 11.05.2020

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерин жаап-жашырган жок. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысынын орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

 

Центр COVID-19 НМИЦ эндокринологии Минздрава РФ - Sputnik Кыргызстан
Вирус жуктуруп алган медиктерди министрлик жаап-жашырып жатабы? Расмий жооп
11:31 11.05.2020

Коронавирустан улам коңшу жана айрым өнөктөш мамлекеттерде түзүлгөн кырдаалга Sputnik Кыргызстан агенттиги назар салды.

 

Блокпосты на въезде в Алма-Ату - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда да өзгөчө абал режими алынды. Коңшу өлкөлөрдөгү кырдаал
11:21 11.05.2020
10:34 11.05.2020
10:19 11.05.2020

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында үч медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан төрт медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 235 учур катталды, алардын ичинен 180 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

10:06 11.05.2020

Бишкек шаарында 11, Нарында эки киши үйүнө чыкты. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 688 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

10:05 11.05.2020

2020-жылдын 11-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учур катталды:

  • Бишкек ш. – 6
  • Чуй облусу - 1
  • Ош облусу - 2
  • Баткен облусу - 1
  • Нарын облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу - 2.
09:33 11.05.2020

Бүгүндөн тарта ишке чыккандар жумушуна тоскоолдуксуз баруу үчүн жашаган жеринен жана Салык инспекциясынан күбөлөндүрүлгөн иштеген жеринен маалым кат керектелет. Бул тууралуу Бишкектин мэри Азиз Суракматов билдирди.

“Жетекчилер же бухгалтерлер ар бир кызматкери үчүн Салык инспекциясы тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалым кат даярдашы керек. Бул кагаз адамдын ошол компанияда иштей турганына далил болот. Алгачкы күндөрү 12-майга чейин маалым катты катуу талап кылбайбыз, себеби аны даярдоого убакыт керек. Бирок 13-майдан тарта ишке чыккан ар бир кызматкерден жашаган жери жана иштеген жумушунан справка сурай баштайбыз. Бир гана патент менен иштегендерге маалымкаттын кереги жок”, — деди мэр.

Ал ошондой эле бул норма шаар сыртында жашагандарга гана эмес, калаа тургундары үчүн дагы иштей турганын белгиледи.

“Маалым катты талап кылганыбыздын себеби ишмердүүлүгүнө азырынча уруксат берилбегендер дагы чыгып алышы мүмкүн. Өткөрмө кагаздар жокко чыкты, ошондуктан эртең элдин баары сыртка чыгып кетсе эмне кылабыз, кантип көзөмөлдөйбүз?” – деди Суракматов.

Ал ишке чыккандар үйдөн жумушка, жумуштан үйгө гана бара ала турганын кошумчалады.

 

09:33 11.05.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0