Колдооңуздарга ыраазычылык! Бишкектин коменданты шаар тургундарына кайрылды

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Комендант города Бишкек Алмаз Орозалиев
Комендант города Бишкек Алмаз Орозалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозалиев көрүлгөн бардык чаралар биринчи кезекте жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталганын белгилеген.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкек шаарын өзгөчө абал режиминде башкарган Алмаз Орозалиев калаа тургундарына ыраазычылык билдирди.

Коменданттын шаардыктарга кайрылуусу Facebook баракчасына жүктөлдү.

"25-марттан тартып ушул күнгө чейин биздин тургундар өздөрүн Кыргызстандын чыныгы жараны экендигин көрсөтүштү. Өзгөчө абал режиминин талаптарын аткарып, оор кырдаалга туруштук бере алышты. Ооба, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу коронавирус коркунучун башыбыздан өткөрүп жатабыз. Эпидемия, пандемия жана карантин деген эмне экендигин билчү эмеспиз. Мындай шартта алгачкы жолу комендатура түзүлдү. Жарандардын ден соолугу үчүн тез арада, кээде дароо чечим кабыл алынышы керек болчу", — деген Орозалиев.

Ал борбор калаанын коменданты тарабынан көрүлгөн бардык чаралар биринчи кезекте жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталганын белгилеген.

Бишкектеги көчөлөрдө өзгөчө кырдаал учурда унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэри эртең ишке чыккандарга коюла турган жаңы эки талапты атады
"Биз өзгөчө кырдаал учурунда күнү-түнү иштедик. Жарандардын колдоосу коронавируска каршы күрөшкөн укук коргоо органдарынын жана социалдык органдардын ишине чоң жардам берди. Бардыгыңыздардын колдооңуздарга, урмат-сый жана түшүнүү менен мамиле кылганыңыздарга рахмат. Силер — шаардын баатырысыздар, бул биздин калаа, өлкөнүн борбору. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубат жашоо жана бейпилдик каалайбыз. Биз бул вирусту сөзсүз жеңебиз", — деген Орозалиев.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн таңкы 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген болчу. Бул режим түндө саат 00.00дө аяктап, Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0