Чек арада жарадар болгон аскер көз жумду деген маалымат төгүндөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание министерства здравоохранения Кыргызской Республики
Здание министерства здравоохранения Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-май күнү кечке маал социалдык тармактарда чек арадагы жаңжалда жарадар болгон аскерлердин бири ооруканада каза болгондугу боюнча маалымат тараган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон аскерлердин бири көз жумду деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, 10-май күнү кечке маал социалдык тармактарда чек арадагы жаңжалда жарадар болгон жоокердин бири ооруканада каза болгондугу боюнча маалымат тараган.

“Жабырлануучулар Улуттук госпиталда дарыланууда. Бири анестезиология жана реанимация бөлүмүнда, абалы  оор. Экөө хирургия бөлүмүндө. Абалдары слыштырмалуу канааттандырарлык. Бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө”, — деп айтылат билдирүүдө.

Баткендеги окуя

8-майда кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен

Баткен району. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткен жана Согд облусунун өкүлдөрү жолугуп, убактылуу чечимге келди
Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы, бир жай тургун жаракат алган. Кийин алар Бишкектеги Улуттук госпиталга алып келинген.

Окуя боюнча эки өлкөнүн ТИМ башчылары, вице-премьерлери, облустагы өкүлдөрү, Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүп, бир пикирге келишкен. Учурда дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Кырдаалга байланыштуу Кыргызстан тышкы иштер министри тажик тарапка нааразычылык нотасын тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0