Нарын милициясынын иши үзгүлтүккө учурадыбы? Министрликтин маалыматы

© Фото / пресс-служба мэрии города НарынСитуация в Нарыне из-за коронавируса
Ситуация в Нарыне из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-май күнү социалдык тармактарда Нарында 50 кызматкер обсервацияга алынып, милиция бөлүмү иштебей турат деген мааниде билдирүүлөр тараган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери коронавирус жуктуруп, байланышта болгондор обвервацияга алынган учурда алардын ордуна Бишкектен кесиптештери барып иштеген. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кечээ, 10-май күнү, социалдык тармактарда Нарында 50 кызматкер обсервацияга алынып, ОИИБ иштебей турат деген мааниде билдирүүлөр тараган.

“Чындап эле Нарында милиция кызматкерлеринин арасында коронавируска кабылгандар болгон. Бул тууралуу маалымат бергенбиз. Алар менен байланышта болгон кесиптештери обсервацияга алынган кезде ИИМ тарабынан башка жактан кызматкерлер облуска жөнөтүлгөн. Тагыраагы, облустук милициянын иши үзгүлтүккө учураган эмес”, — деди Үсөнбаев.

Бирок министрдин орун басары канча кызматкер ооруп, канчасы обсервацияга алынганын так айткан жок.

Ал эми буга чейинки маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 27 милиция кызматкеринин жетөө Нарын облусунда иштээри айтылган

Коронавирустун кесепети

Гемотест начинает делать анализы на коронавирусную инфекцию - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Кыргызстанда дагы 14 кишиден коронавирус чыкты
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0