Мадриддин жашоочусу граффити менен чогуу селфи тартууда. Архив

Эркектердин COVID-19 менен көп ооруй турган себеби айтылды

175
(жаңыланган 13:22 11.05.2020)
Окумуштуулар тобу жүрөк оорусу бар 3,5 миң кишинин канындагы АПФ2 деп аталган аралашманы алып изилдеген. Жыйынтыгында ал аялдарга караганда эркектерде көп кездешкен.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Эркектер аялдарга караганда COVID-19 менен канындагы АПФ2 аралашмасы көп болгондугу үчүн көбүрөөк оорушу мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Мындай тыянакка Кардиологдордун европалык коомчулугу жаңы иликтөөдөн кийин келген.

Аталган фермент клеткалардын сыртындагы аймакта айланып турат да, организмдеги кандын басымын жөнгө салууда чоң роль ойнойт.

"АПФ2 — клеткалардын үстүндөгү рецептор. Коронавирус жуккандан кийин өз ара байланышта болуп, анын жаңы клеткаларга жугушун шарттайт. Өпкөдө АПФ2 кошулмасы көп кездешкендиктен, бул ферменттер COVID-19 менен байланышкан оорунун күчөп кетишинде чоң роль ойнойт", — деп түшүндүргөн изилдөөнүн жетекчиси, Гронинген университетинин медициналык борборунун кардиология боюнча профессору, доктор Адриан Воорс.

Окумуштуулар тобу жүрөк оорусу бар 3,5 миң кишинин канындагы АПФ2 аралашмасын алып, изилдеп көргөн. Бул Европанын 11 өлкөсүндө жасалган. Жыйынтыгында аталган фермент аялдарга караганда эркектерде көп кездешкен.

Иликтөө коронавирус пандемиясына чейин жасалып, ага COVID-19 жуктургандар кошулган эмес. Анткен менен башкалардын иштеринин жыйынтыгын, тагыраагы, АПФ2нин жаңы коронавирустун клеткага түшкөндөгүсүн көрсөткөндө, ал Воорс жана анын командасынын изилдөөсүнө окшош болуп чыкканын байкаган.

"АПФ2нин эң активдүү биоиндикаторунун аялдарга караганда эркектерде көп экендигин аныктаганыбызда, эмнеге эркектердин арасында COVID-19 боюнча өлүм көп экендигин түшүндүк", — деген дагы бир доктор Изайя Сама.

Кардиологдор коомчулугу АПФ2 өпкөдө эле эмес, жүрөктө, бөйрөктө, кан тамырлардын ткандарында болорун айтышты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта COVID-19 пандемиясын жарыялаган. ДССУнун соңку маалыматтарына караганда, дүйнөдө илдетти 3,9 миллиондон ашык киши жуктуруп алса, алардын ичинен 274 миңи көз жумган.

175
Белгилер:
изилдөө, Окумуштуулар, бөйрөк, оору, жүрөк, аял, эркек, коронавирус
Тема боюнча
Кандай адамдар дистанттык түрдө натыйжалуу иштейт. Иликтөө
МИС ААКсы имараты. Архивдик сүрөт

Финпол: Акылбек Жапаровго тиешеси бар ишкана салыктан качты деп айыпталууда

4
(жаңыланган 12:38 30.10.2020)
Финполдун маалыматына караганда, "МИС" ААКсына эки юридикалык тарап ээлик кылат. Алардын бири — офшордук компания жана жогорку кызматтагы аткаминерлердин биринин жубайы.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча Финансы полициясы ири суммадагы салык төлөөдөн качуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Финполдун маалыматына караганда, "МИС" ААКсына эки юридикалык тарап ээлик кылат. Алардын бири — офшордук компания жана жогорку кызматтагы аткаминерлердин биринин жубайы Ж. А. Б. аттуу жаран.

"Менчигинде 30га чукул өндүрүш, коммерциялык жана айыл чарба багытындагы кыймылсыз мүлкү бар ишкана милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөй жүргөн. Ошондой эле акыркы жылдары ири кирешесине карабай нөлдүк отчетторду тапшырып келген. Мунун кесепетинен мамлекетке 90 миллион сомдук чыгым келген", — деп айтылат билдирүүдө.

Вагондорду араалап салышкан. "Кыргыз темир жолунун" бөлүм башчысы кармалды

Ошондой эле Финансы полициясына тиешелүү органдардан келип түшкөн маалыматтарга караганда, аталган компания 2009-жылы этти тазалоо жана үрөн чыгаруу боюнча заводду реконструкциялоо үчүн Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фонду аркылуу 200 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда алган. Аны 2012-жылы төлөп бүтүшү керек болчу.

Бирок Финполдун маалыматына караганда, каражат башка максаттарга колдонулуп, кутулуу мөөнөтү эки ирет жылдырылып, 2025-жылга калтырылган. Андан кутулуу боюнча пайыздарын кыскартып салуу боюнча жеңилдиктер дагы каралган.

Ошондой эле аталган компания университет, жеке мектеп, дүкөн, дарыкана, кампа жана цехтерге ижарага имарат берери кошумчаланган.

Кымырылган 9 млрд. сом: Салык кызматы Финполдун кинеси негизсиз экенин айтты

Учурда иш иликтенип жатат.

Өздүк булактардан билдиришкендей, аталган компанияга EURASIA CAPITAL LIMITED офшордук компаниясы жана ЖК депутаты Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова ээлик кылат.

4
Белгилер:
мыйзам, салык, финансы полициясы, Акылбек Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
31 млн. сом чыгым. УКМК Ветинспекциянын башчысын кармады
Китепкана. Архив

Министр: китептерде ката кетпеши үчүн "Окуу китеби" борбору ачылды

22
(жаңыланган 12:21 30.10.2020)
Буга чейин "География" жана "Табият таануу" китептеринен интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган.

БИШКЕК, 30-окт. – Sputnik. Окуу китептеринин мазмунун, сапатын жакшыртуу максатында республикалык илимий-практикалык "Окуу китеби" борбору түзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, министр Алмазбек Бейшеналиев борбордун ишин уюштуруу, окуу китептерин чыгаруунун эффективдүүлүгүн арттыруу багытында тиешелүү адистер менен жыйын өткөргөн.

Тескери басылган герб, гимн. Окуу китептеги одоно ката боюнча министрлик жооп берди

Ошондой эле министр соцтармакка түз эфирге чыгып, борбордо жалаң кесипкөй адамдар иштей турганын билдирген.

"Окуу китептеринде мындан ары каталар болбошу үчүн министрликтин алдында "Окуу китеби" борбору ачылды. Анда жалаң кесипкөйлөр иштеп, ката кетирбегенге аракет кылышат. Ошондой эле айрым класстардын окуу китептеринде жаш курагына, баланын психологиясына туура келбеген материалдар кетип калган. Эми китептердин мазмунун текшерүү боюнча комиссия түзөбүз", — деди министр.

Эске салсак, "География" жана "Табият таануу" китептеринен интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган. Мындан тышкары, кыргызстандыктар буга чейин дагы китептердеги каталарга даттанып келишкен. Мурдагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева Sputnik агенттигине берген интервьюсунда китептеги каталарга басмакана күнөөлүү экенин билдирген.

22
Белгилер:
ката, китеп, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Билим берүү министрлиги экинчи чейректе мектептерди ачуу сунушун берди
Пакистандын кара тизмесиндеги медициналык окуу жайлардын ректорлору эмне дейт
Министр Бейшеналиев: мугалимдердин кагаз иштери азайтылат