Өзгөчө абал режими аяктады! Эми кайсы эрежелерди кармануу керек

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМедициналык маска кийип кыргызстандык жоокер өткөрүү пунктта турат. Архив
Медициналык маска кийип кыргызстандык жоокер өткөрүү пунктта турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими соңуна чыкты. Бирок чектөөлөрдүн саналуусу гана азайбаса, ошол эле бойдон сакталууда.

Бүгүндөн тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрө баштады. Бирок биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун айтымында, бул мурдагыдай жай турмуш башталып, каалаган жакка каттай берсе болот дегенди түшүндүрбөйт.

Эпидемиологиялык абал дагы деле курч бойдон калып жаткандыктан, өкмөт тартипти сактоо үчүн бир катар эрежелерди киргизди. Мисалы, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" жана "Жарандык коргонуу жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, кырдаалга жараша карантиндин жол-жобосу өкмөттүн токтому менен бекитиле берет.

Ошондой эле карантин киргизилген аймактарда өзгөчө абалда иштеген коменданттын укуктары жергиликтүү бийликтин башчыларына өтөт.

Керектүү документтер

Жарандар карантин учурунда жүйөлүү себептер менен шаар ичинде жүрө турган болсо, мурдагыдай эле маршруттук баракча толтуруп чыгышы керек. Андан тышкары, иштеген жеринен жана Салык кызматынын райондук башкармалыгы тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалым кат алышы зарыл. Адамдар көп чогулбашы үчүн Салык инспекциясына мекеменин жетекчилери же бухгалтерлери гана баруусу сунушталат. Жеке ишкерлер патенттин негизинде гана жүрө алат.

Документтер канчасына чейин даярдалышы керек?

Ишмердүүлүгүнө уруксат берилген тармакта иштегендер 13-майга чейин маалым кат алып, тиешелүү мөөр койдуруп бүтүшү зарыл.

Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири
Өткөрмө кагаздар керекпи?

Өзгөчө абал режиминин аякташы менен өткөрмө кагаздардын дагы мөөнөтү бүттү.

Шаарда каалаган жакка барса болобу?

Жок. Жумуштан тышкары мурдагыдай эле азык-түлүк дүкөндөрүнө, дарыканага, медициналык мекемелерге гана баруу үчүн көчөгө чыгууга уруксат берилет. Анда дагы адамдын өздүгүн тактоочу документи, маршруттук кагазы болушу шарт.

Коменданттык саат токтотулдубу?

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы комендатуралар 10-майдын түн жарымында ишин токтотту. Эске салсак, алар алгач саат 20.00дөн 7.00гө чейин, кийин 21.00дөн 6.00гө чейин иштеп жаткан.

Жеке автоунааны пайдаланса болобу?

Биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун 10-майдагы брифинг учурунда айтканына караганда, коомдук транспорт иштебей жаткандыктан, мындан ары жеке автоунаа менен шаарга келип-кетүүгө мүмкүндүк берилет. Бирок уруксат берген тармактарда эмгектенип жаткан же өтө зарыл иши бар жарандарга гана. Жай турмуш учурундагыдай жөн эле шаарга барып келейин деп ары-бери каттай берүүгө болбойт. Милиция бул жагын көзөмөлдөп, чара колдонот.

Коомдук транспорт качан иштей баштайт?

Эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин коомдук транспорт иштебей турган болду. Мурда 11-майда ишке чыгары айтылган. Бирок азыркы кырдаалда коомдук транспорт вирустун тарап кетишине шарт түзөт деген жүйө менен иштетпей туруу чечими кабыл алынды.

Үйдөн иштөөнү улантса болобу?

Муну ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалардын жетекчилери чечет. Бирок өкмөт министрлик, ведомстволордун жетекчилерине кызматкерлерди болушунча аралыктан иштетүүгө тапшырма берди. Ушундай эле сунуштамалар жеке компаниялардын жетекчиликтерине дагы тиешелүү экени айтылды.

Бет кап тагынып жүрүү керекпи?

Сөзсүз! Ишин жанданткан мекеме, уюмдар санитардык нормаларды так сакташы керек. Атап айтканда, термометр, санитайзер, бет кап колдонуу шарт. Күн сайын кызматкерлердин дене табы өлчөнүп, саламаттыгы текшерилип турушу керек.

Туристтик агенттиктин кассасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
11-майдан тарта ишке кире турган ишканалардын тизмеси
Бишкекте иштегендер башка аймактан кантип кире алат?

Ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекеме, уюмдардын кызматкерлери сырттан келсе, посттордон тоскоолдуксуз өтөт. Ал үчүн иштеген жеринен маалым кат алышы шарт. Документти кызматкерине жеткирип берүүнүн жол-жобосун ишкана жетекчилиги уюштурат.

Облустарга ээн-эркин кирип-чыкса болобу?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калып, көзөмөл мурдагыдан дагы күчөтүлөт. 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улантылып, санитардык-карантиндик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштейт.

Аймактар аралык каттамдар аткарылабы?

Жок. Эпидемиологиялык абал турукташканга чейин облустук аралык каттамдарды аткарган автоунааларга чектөөлөр ошол бойдон калат.

Такси

COVID-19 вирусунун жугуу потенциалы күчтүү болгондуктан, азырынча таксиге гана уруксат берилди. Анткен менен ага экиден ашык жүргүнчү алууга тыюу салынган. Таксиде дагы болушунча тазалык эрежелерин кармануу керек. Мындан тышкары, шаар жетекчилиги жүргүнчү менен айдоочу бири-биринин телефон номерин сактап коюусу керектигин айтат. Кокустан вирус жугузуп алгандар болсо, мындай жол менен байланышта болгон адамдарды тактап, аларды тезирээк таап алууга шарт түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0